Menu

“Үч Баатырга” Суваналиев кол сунса бийликке кыйын болот го

Бөлүшүү:

Мадумаров, Келдибеков, Ташиевдин биригип, бир күчкө айланганы бийликтин уйкусун бузуп койду. Өздөрүнө караштуу маалымат каражаттары аркылуу үчөөсүн боктогонго өткөнү эле анын далили боло алат. Кечээ эле санаалаш болуп жүргөн Атамбаев менен Текебаевдин тирешин өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн болгон күрөш деп эсептебей, саясатка абай салып турган генерал Өмүрбек Суваналиев да бул “Үч Баатырга” кол сунаары айтылууда. Өлкөдө кыйын абал жаралганда четте карап тура албаган “Каттани” бул топ­ко жалгыз барбай, өзүнүн чоролорун да кошо ээрчитип кирери белгилүү. Артында калың колдоочусу бар гене­рал үч саясатчы менен бириксе чоң күчкө айланары шексиз. Анын да артка кетенчиктебеген жигиттик сапаты бар. Жигиттик шертти бийик тутат. Эгер Суваналиевдин жаңы күчкө кошулаары чын болсо, башка саясатчылар да чет­те карап турбайт. Жабыла кошулуп кетиши мүмкүн. Бул бийлик үчүн түмөн түйшүк жаратат.

Булак: “Жаңы ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

59 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: