11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго Жалал-Абад шаарында катышып жаткан 7 партиянын ичинен СДПКнын тизмеси мыйзам бузуулар менен түзүлгөнүнө байланыштуу “Өнүгүү”, “Ата-Мекен” жана “Ата-Журт” партиялары Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) арыз менен кайрылышкан.
2-декабрь күнү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы жогоруда аты аталган 3 партиянын арызын карап көрүп, СДПК партиясынын тизмесиндеги талапкерлердин маалыматтары толук толтурулбагандыгы, гендердик талап сакталбагандыгы менен мыйзам одоно бузулгандыгы такталып, СДПКнын тизмеси жокко чыгарылып токтом кабыл алган. Ага ылайык СДПКнын баардык талапкерлери шайлоодон четтетилген. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы өз чечимин БШКга жөнөткөн болчу.
Ал эми БШК бул маселени кароону созуп жатат.
Төмөндө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын отурумунан кийинки кырдаал тартылган видеотасма:
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ