Menu

Адилет Айтикеев: “Бакиев жансакчысы Бакыт Калыевди министр кылып алып келгенин туурап Атамбаев жансакчысы Исраиловду министр кылды”

Бөлүшүү:

Суроо:   Адилет, сен  кечээ  Фейсбук  баракчаңа жазган постуң окурмандар арасында талкууга түшүп жатат. Эмне себептен мындай ойдосуң?

Адилет Айтикеев:   

Биринчиден, АКН (Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиги) жөн гана маанисиз структура эмес , туруп-туруп эле жоюп салгыдай. Бул агенттиктин Кыргызстан үчүн мааниси зор. Анткени,  өзүңүздөр жакшы билгендей бизден анча алыс эмес жерде Афганистан мамлекети бар. Бул мамлекет апийимди жана баңгизаттардын түрлөрүн өндүрүп чыгаруучу эң башкы мамлекет болуп эсептелет. Бул өлкөдөн өндүрүлгөн баңгизаттар Борбордук Азия мамлекеттерин да кыйгап өтпөйт. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Россия баңги коридору бар экенин баары билишет. Бул коридор аркылуу Афганистанда жыл сайын өндүрүлгөн апийим жана башка баңгизат түрлөрү тонналап өтүп жатат да. Аны көзөмөлдөп  үлүшүн,  долясын алган күчтөр бар. Мына ушул маселени жоюу максатында Аскар Акаев бийликте турганда анын демилгеси жана Американын ЮСАИД уюмунун каржылык колдоосу астында Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги ачылып, кийин ал толугу менен кыргыз өкмөтүнө караган. Бул кадам канчалаган адамдардын түн уйкусун бөлүп, натыйжада   2005-жылдагы март төңкөрүшүнүн көп себептеринин бири болду десем жаңылышпайм. Муну экс-президент Аскар Акаев өзү да интервьюларында баса белгилеп айтып жүргөн. Интернеттен казып чыксаңыздар табылат.

Бакиев бийликке келип, күч-кубатына толгон мезгилде, тагыраак айтканда 2009-жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги кезектеги өкмөт структурасы өзгөргөн маалда жоюлуп кеткен. Анткени бул агенттик ошол бийликтин кызыкчылыгына бут тоскон мекеме болгон. 2008-жылы Бакиев жердеш иниси Молдомуса Конгантиевди ИИМ министри кылгандан кийин ар кандай ээнбаш кадамдар   жасалып, криминал менен ИИМ кучакташып, ийиндешип кеткен. 2009-жылдан баштап Кыргызстандагы наркобизнести көзөмөлдөө функциясы ИИМге өткөн. 2009-жылы октябрда өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин ишмердигине катуу сындар айтылып, айрыкча ошол кездеги УКМК башчысы Суталинов менен ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиев бул агенттиктин ишмердигине катуу асылышкан.    Болбосо жаңы министр болгон кезде Конгантиев ИИМдин ичиндеги Баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча башкармалыкты жоюп, анын функциясын толугу менен АКНге өткөрүп берүүнү демилгелеген. Анткени 2009-жылга чейин, тагыраагы АКН түзүлгөн 2003-жылдан баштап бул мекеме тарабынан 6 тонна баңгизат кармалган. Бул деген абдан эле жакшы натыйжа. Эгерде ИИМдеги башкармалыктын функциясын АКНге өткөрүп бергенде мындан да жакшы жыйынтык болоорун Конгантиев түшүнгөн. Анан капысынан эле тескери кеткен Конгантиевди да түшүнсө болот. Ошентип АКН жоюлду, анын функциясы ИИМ жана УКМКга өткөрүлүп берилген. Ал эми чек араны, армияны тейлеген Коргоо министрлигине дагы Бакиевге лоялдуу, аны сатпай турган адамдар келген. Мисалы Коргоо министри болуп Исмаил Исаков кеткенден кийин анын ордуна Бакиевдин мурдагы жансакчысы жана ишеничтүү адамдарынын бири Бакыт Калыев дайындалган. Калыев да, Конгантиев да Бакиев үчүн аягына чейин туруп берди. Айрыкча Калыев. Анткени жан сакчы жана айдоочулар жетекчинин эмне каалап жатканын айттырбай маанайынан билет. Бул албетте жетекчиге жагат. Мына ушул ыкманы Атамбаев айрыкча жакшы өздөштүргөн.

 Суроо:  Ошондо Атамбаев мурдагы жан сакчысы Улан Исраиловду кандай максат менен ИИМге министр кылды деп ойлойсуз?

 Адилет Айтикеев:

Максаты көрүнүп эле турбайбы. Атамбаевдин бардык мыйзамдуу жана мыйзамсыз буйруктарын аткарган ишеничтүү жетекчи күч органдарындагы эң чоң жана таасирдүү мекеменин башына келиши керек эле. Демек ошол максат менен келди Исраилов.   Парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатканда эсиңиздеби, Текебаевдин сурагы учурундагы Исраиловдун көз карашы?

 -Байкабаптырмын…

 Адилет Айтикеев:

Текебаев элементардык суроолорду бергенге Исраилов кекээр жылмайып ичинен ызырына карап отурбадыбы. “Шашпа сениби, бекип алайын анан сазайыныңды берем” дегендей текебер көз карашын байкадым. Ал Текебаевдин суроолоруна жооп бергиси келбей отурганы көрүнүп эле турбадыбы. Анткени таянган тоосу күчтүү. Анан калса Исраиловдун министр болуудагы миссиясы такыр башка.

 Суроо:  Кандай миссия?

 Адилет Айтикеев:

   Исраилов министр болгондон 2 күн өтпөй Текебаевдин үйүнө ууру кирди. Бул деген Исраиловдун “миссиясы” башталды деген кеп. Эми майда-чүйдө бирөөнүн үйүнө кириш да оңой эмес болсо керек, ал эми Текебаевдин үйүнө кирген уурунун башы экөөбү? Андайды бийликке таянган адам гана жасай алат. Эгер жөн гана дүнүйөгө кызыккан ууру болсо алтын, акча, буюмдарын алат эле да. Сейфин ача албай шашылыш чыгып кеткени чоң нерседен кабар берет.   Эми мына көрдүк баарыбыз, АКН деген чырмоокту тазалап, баңги көзөмөлүн ИИМге алып беришет. Балким мурдагыдай эле ИИМ менен УКМКга тең бөлүнөт. Мына ушунун баары Исраиловдун миссиясы ийгиликтүү ишке аша баштаганынан кабар берет. Мындан ары  наркопотоктун чоң көлөмүнөн түшкөн акча Атамбаевдин жана анын тегерегиндегилердин капчыгын толтурат.  Эсиңиздеби, баягы жазда мен Жаныш Бакиевден интервью алганда ал айткан: “Кыргызстандагы наркобизнести ИИМ министри Мелис Турганбаев көзөмөлдөй баштады”- деп. Мен Жаныш Бакиевдин айтканына ишенем, анткени ал бул тармакты “өтө жакшы” билет. ИИМ министри ким аркылуу көзөмөлдөйт. Албетте Президент Атамбаев аркылуу. Анткени ошондо эле наркобизнести жарым жартылай ИИМдин башкармалыгы карачу. Эми толугу менен Эл аралык уюмдун көзөмөлүнөн чыгарып, Баңги коридорун өздөрүнүн короосуна киргизип алышты. Демек мындай мафияны түптөп жаткан топтун бийликтен кетейин деген планы жок.

    Эми элестетсеңиз, интернетти карасаңыз, Афганистандан жылына 5 миң тонна апийим өндүрүлөт деген маалыматтар жүрөт. Эгер ошол 5 миң тоннанын 1 миң тоннасы, Кыргызстандан өтсө, ошол сумманын 30 пайызы биздин мамлекеттин “транзит акысы” катары калса ал канча адамдын чөнтөгүн толтурат? Бул өтө чоң суроо. Бүгүн түздөн-түз айтса болот, Атамбаев баңгизат бизнесин өзү көзөмөлдөп жатат. Тарых тамгасына чейин кайталанууда.   Атамбаев дагы Бакыт Калыев Бакиевге катыра кызмат кылып бергендей Исраилов ага кызмат кылат деп үмүт артып отурат. Ал логикасы туура, анткени жансакчылар негизинен жетекчисине берилип кызмат кылышат. Алар үчүн башка жагдай, мисалы мыйзам, эреже, уят-сыйыт дегенден да жетекчисинин каалоосу жана буйругу жогору турат. Муну Бакиев да жакшы билген. Атамбаев да ошол эреже менен иш кылып жатат. Бирок жансакчы баарына даяр болгону менен Бакиев сактап кала албаган бийликти сактап калуу Атамбаев үчүн мүмкүн деп ойлобойм.

      Эми ыплас жол менен байып, диктатура орнотууга бел байлаган мафия оңою менен бийликти өткөрүп бербегенге катуу тырышат. Алдыда Исраилов жана анын бандиттик системасы менен криминалдын биргелешкен чабуулу бийликке каршы багытталышы мүмкүн. Атамбаев бир гана буюртма киши өлтүрүүдөн коркот, калганынын баарын жасап жатат. Кыргызстандын эли Атамбаев деген саткын, алдамчы, ууру, мафиоздон кутулмайынча Кыргызстанга жакшылык болбойт. Анткени анын таяна турганы криминал жана бийлиги гана калды.

 Маектешкен  Мамытбек  Бердиев 

 **  Маек берүүчүнүн   айткандары  сайттын  позициясын  билдирбейт.  Сайт  башка тараптардын  пикирин   да   жарыялоого   даяр.

  _____________________________________________________________________

Төмөндө  А.Айтикеев менен Э.Каптагаевдин   Facebook тагы  жазгандарынын   түп  нускасынын  көчүрмөсү:

 ajtikeev-kaptagaev-kommenty

Булак: “Калемпир.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: