Menu

Путин «карьерасын ийгиликтүү аяктоону» каалай турганын билдирди

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путин «карьерасын ийгиликтүү аяктоону» каалай турганын билдирди. Ал Челябинсктеги «Этерно» өнөр жай ишканасынын жумушчулары менен болгон жолугушуусунда мамлекет башчылыгынан кеткенден кийин саякаттоону кыялданарын кошумчалады.

“Бүгүнкү күндө менин саякаттарымдын бардыгы тең аба майданга, андан кайсыл бир мекемеге барып кайра аба майданга кайтып келүү менен гана чектелүүдө. Албетте мен башкача, жаратылышты, кайсыл бир тарыхый ажайып жайларды көрүү менен саякаттоону каалайм”, – деди Путин.

Буга чейин Владимир Путин азырынча 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышар-катышпасын чече электигин билдирген. Bloomberg агенттигине берген интервьюсунда орус лидери болочоктогу мамлекет башчысында жаштык менен «жетилгендиктин» айкалышы болушу керектигин кошумчалаган.

Путиндин өзү быйыл 7-октябрда 64 жашка толду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: