Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков алыскы бийик тоолуу Алай жана Чоң-Алай райондорунун социалдык объектилеринин инфраструктуралык абалы менен таанышат.
Алай районунда Өкмөт башчы Арча-Булак айылындагы жаңы көпүрөнүн жана Сары-Могол айылындагы орто мектептин ачылышына катышып, Гүлчө дайрасында курулчу дамбанын долбоору менен таанышат.
Чоң-Алай районунда Сооронбай Жээнбеков «Кара-Мык» чек ара бекетине барып, Дароот-Коргон айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөйт. Ошондой эле Премьер-министрдин Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу орто мектебинин ачылышына катышуусу пландаштырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ