Menu

Алматыда Гейдар Жемалдын тажиясы болду

Бөлүшүү:

Алматыда Орусия Ислам комитетинин төрагасы Гейдар Жемалдын тажиясы болду. Белгилүү орусиялык теолог жана «Орусиянын ислам мурасы» коомдук кыймылынын теңтөрагасы Гейдар Жемаль 69 жашында Алматыда, узакка созулган оорудан кийин каза болгон.

Гейдар Жемаль Баганашыл кичи районуна жакын жердеги көрүстөнгө коюлду. Эртең менен коштошуу иш-чарасы шаардын борбордук мечитинде өткөн. Гейдар Жемаль менен коштошуу үчүн ондогон адамдар келишти. Тажияда жергиликтүү бийликтин, Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү көрүнгөн жок. Дүйшөмбүдө жергиликтүү ММКлар Жемалдын сөөгү көптөгөн белгилүү адамдар коюлган Кансай жерине берилерин кабарлашкан, бирок анын тажиясы шаардын жогорку бөлүгүндөгү көрүстөндө болду.

Гейдар Жемаль «Сол фронт» координациялык кеңешин түзүү демилгесин көтөрүп чыккандардын бири болгон. «Макул эместердин жүрүштөрүнө» катышкан.

1999-жылы Мамдума шайлоосуна катышып, 2010-жылы орусиялык оппозициянын «Путин кетиши керек» деген кайрылуусуна кол койгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: