Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: «Күйүп кеткен лампочка теориясы» Бишкектин бардык тармактарына туура келет

Бөлүшүү:

«Сынган терезелер» теориясына окшотуп, биз «күйүп кеткен лампочкалар» теориясын алып чыктык. Мында сынып, бузулуп калган буюм эч качан оңолбойт же алмашылбайт, жыйынтыгында акырындап бардыгын кыйратууга алып келет», – деп айтты  Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкер Нурдин Абдылдаев.

Анын белгилөөсүндө, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан өзүнүн «Жарык шаар» долбоорунда көп нерсени ишке ашырганы менен, ушул өңдүү принцип шаарды өнүктүрүүнүн башка  аспектилеринде дагы керек болууда. «Бул демилге – сырткы жарыктандырууларды орнотуу биздин партия тарабынан 2015-жылдан бери Бишкекте жана Кыргызстандын башка калктуу пункттарында ишке ашырыла баштады. Азыркы күндө аталган долбоорго 200 миңден ашык адам катышып жатат. Келечекте алардын саны дагы көбөйөт», – деп билдирди  НурдинАбдылдаев.

Талапкердин айтуусунда, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тарабынан жарыктандырылган райондордо, укук бузуулардын саны кадимкидей кыскарган, аракеч, үй-жайсыз адамдар жолобой, балдар мектептен үйгө коркпой кайтып калышты ж.б.у.с. Эң башкысы, «Жарык шаар» долбоорунун негизги жетишкендиги Бишкек шаар бийлигин шаардын сырткы жарыктандыруусуна көңүл бурдурууга жана бул багытта бюджетти 3 эсеге көбөйтүүгө алып келгендигинде.

 «БШКнин курамында биз бул салтты улантабыз  – шаар бийлигине идеяларыбызды сунуштап, өзүбүздүн иш-аракеттердин мисалында мындай долбоорлор шаардыктардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүп жатканын көргөзөбүз», – деп жыйынтыктады Нурдин Абдылдаев.

                  Маалымат

“Жарык шаар” долбоору “Өнүгүү-Прогресс” партиясы тарабынан 2015-жылдан бери Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай ж.б. калктуу аймактарда ишке ашырылып келет.

LED-прожекторлорун орнотуу жолу эң жөнөкөй: үй жашоочуларынын жарык орнотуу тууралуу расмий кайрылуусу, жарыктандыргыч орнотулган жерге оңой жетүүнү камсыздоо жана трафарет-информерди орнотуу.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: