Menu

Бакыт Төрөбаев: Жалал-Абаддагы шайлоолор боюнча БШКнын чечимине укуктук баа берилиши керек

Бөлүшүү:

«БШКнын Жалал-Абаддагы АШКнын чечимин жокко чыгаруу аракети бизде кабатырланууну жаратты. Бул жерде сөзсүз укуктук баа берилиши керек, анткени, мыйзам бузуулардын белгилери бар», – деп билдирди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, Жалал-Абаддагы аймактык шайлоо комиссиясынын айланасындагы абалга комментарий берип жатып.

Эске салсак, аталган аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн чечими менен КСДП партиясынын тизмесин “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндөгү” Мыйзамын бузгандыгы үчүн каттоону жокко чыгарган. Алар келтирген тизмеде гендердик баланс сакталбаган жана талапкерлерге тиешелүү документтер толук тиркелбеген. КСДП партиясынын тизмесин башка мүчөлөрү менен толук тааныштырбай каттаган Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы  Бактыгүл Нуралиева иштен кеткендиги кабарланган.

«БШК АШКнын токтомун комиссиянын 8 мүчөсү добуш бериши керек деген шылтоо менен жокко чыгарды. Жалал-Абад АШКнын чечими 11 мүчөсүнүн ичинен 7 адамдын макулдугу менен кабыл алынган. А бирок таң калычтуу нерсе, БШК өз чечимдерин 7 адамдын “макулдугу” менен эле кабыл алат. Аларга дагы 11 адамдын ичинен 8 адамдын макулдугун алуу артыкча болбойт эле», – дейт Бакыт Төрөбаев.

Анын айтуусунда, БШК 8-добуш ал отурумда катышпаган БШК мүчөсү Акылбек Эшимовдун ишеним каты аркылуу берилгендиги айтылат. 

«Бул жерде «Шайлоо комиссиялары жана КРда референдумду өткөрүү” боюнча Мыйзам бузулуп жатат. Аталган мыйзамдын 18-статьясынын 2-пунктунда айтылгандай, бир тепкич ылдый турган шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн БШКнын жалпы мүчөлөрүнүн  2/3  добушу керектелет. Андыктан, 8ден кем эмес мүчөсү отурумга катышып, өз колдору менен протоколго кол коюшмак. БШК өзүнө коп укукту алып жатат, бул жерде АШКнын укугу чектелип калды?», – дейт Бакыт Төрөбаев.

Балким, БШК бул чечимди кабыл алаарда ишеним кат менен добуш берүүгө уруксат берген ички регламентке таянышы мүмкүн. «Бирок, бул регламент ички колдонууга арналган документ болуп саналат, иерархия боюнча ал  КРнын  «Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жөнүндөгү» Мыйзамынан төмөн турат”, – деп жыйынтыктайт Бакыт Төрөбаев.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, мындай кош стандарттуулук 11-декабрда өтүүчү шайлоолорго жана БШКнын ишмердүүлүгүнө ишеним туудурарынан шек санайт.

“Саясий кызыкчылыктарга жана партиялык көз карандылыкка карабай, Мыйзам бардыгына бирдей болушу абзел. Бирок, БШК КРнын Конституциясында бекитилген бул принципти тааныбай тургандыгын билдирди», – деп оюн жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: