Menu

Интернет-компаниялар террористтик материалдардын бирдиктүү базасын түзөт

Бөлүшүү:

Ютуб, Фейсбук, Твиттер жана Майкрософт өз сайттарында террор пропагандасына байланышкан маалыматтарды өчүрө баштай тургандыктарын билдиришти. Бул компаниялар жалпы маалыматтар топтомун түзүп, экстремисттик маанайдагы материалдарды сайттардан жоготуу боюнча маалымат алмашат. Бул андай маалыматтарды бардык социалдык түйүндөрдөн тез арада жоготууга жардам берет.

Социалдык түйүндөр диний экстремисттер үчүн өз катарына адамдарды тартууда эң мыкты курал болуп берди. Социалдык түйүндөргө батыш өлкөлөрдүн өкмөттөрү басым жасап, экстремисттик маалыматтарды жок кылууну талап кылууда.

Ютуб менен Фейсбук экстремисттик маалыматтарды заматта жоготууга өтүштү. Бирок башка көптөгөн сайттар шек туудурган материалдарды аныктоодо мурдагыдай эле өз колдонуучуларына ишенип, кийин алар редакторлор тарабынан текшерилүүдө.

Февралдан августка чейин 235 миңге жакын Твиттер-аккаунтка бөгөт коюлган. Ошондой эле Твиттер экстремисттик билдирүүлөрдү аныктоо менен алектенген кызматкерлеринин санын да көбөйткөн. Биргелешкен маалымат базасы келерки жылдан баштап ишке кирет. Анын түзүүчүлөрү катышуучулардын санынын көбөйүү ыктымалдыгын жокко чыгарышпайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: