Menu

Астана: Прокуратура имаратынын алдында аял өзүн өзү өрттөдү

Бөлүшүү:

Астанада Башкы прокуратуранын имаратынын алдында бир аял өзүн өзү өрттөдү. Бул тууралуу Казакстандын башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди. Аял үч курбусу менен имараттын көзөмөл өткөрүү бөлүмүнө жакын келип, тыш кийимин чечип үстүнө бензин чачып өрт койгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын бул аракети «күтүүсүз» болгон жана өзүнө өрт койгонго чейин аял «андай ишке баруу боюнча эч кандай ниетин билдирген эмес».

Жергиликтүү ММКлар учурда аял оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын жазышууда.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, анын 1968-жылы туулган Рысманова М.Е. экени аныкталды. Башкы прокуратурадан аялдын өзүн өзү өрттөөсүнө 28 жаштагы уулуна карата чыгарылган өкүмгө макул эместиги себеп болгонун билдиришүүдө. Прокуратуранын маалыматына караганда, өткөн жылдын июнунда анын уулу маңзатын сактаган деген айып менен райондук сот тарабынан төрт жарым жылга соттолгон. 2015-жылдын 20-августунда Жамбыл облустук сотунун апелляциялык инстанциясы жактоочунун апелляциялык өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: