Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Жаңы конуштарды шаар аймагына интеграциялоо үчүн кластердик анализ

Бөлүшүү:

«Ар бир өнүккөн шаар кварталдар, жаңы конуштар жана спутник-шаарлары менен аймагы кеңейет. Бирок шаар бийлиги мындай кеңейүү негизги шаар инфраструктурасына зыянын тийгизбегендей, гармониялуу өнүгүшүн камсыздаш керек», – дейт Бишкек шаардык кенешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин баштап бараткан Нурдин Абдылдаев.

Талапкердин айтымында, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды эч кайда жылдыра да, жое да албайбыз, андыктан алар менен күрөшпөй, тескерисинче, алардын аймагын, жашоочуларынын жашоо-шартын шаар системасына жакындатууну көздөө керек. «Аталган аймактардын маселелери – укуктук, жер менчигине байланыштуу, социалдык – канча жылдан бери чечилбей келет. Мунун айынан бардыгына зыян келүүдө – ошол аймактын жашоочулары, алардын социалдык керектөөлөрүн канааттандырган аймактардын жашоочулары ж.б.», – деп билдирет Нурдин Абдылдаев.

Анын пикиринде, шаар бийлиги жаңы конуштагы маселелерди чечүүдө кластердик анализди жетекчиликке алып, жергиликтүү көйгөйлөрдү четинен чечсе болмок. Ошондо, бюджеттин ар тараптуу чачырандысынан качып, мерчемделген долбоор саясатынан баш тартмакпыз. 

«Маселелердин түрлөрүнө карап, жашоо аймактарын бир канча топко бөлүүгө болот. Жаңы конуштардын арасында социалдык объекттер гана жетишпеген аймактар бар, айрымдарына негизги инфраструктура – суу түтүктөрү, канализация жана жарыктандыруу сыяктуулар жетишпейт. Айрым жаңы конуштарда жер маселесине байланышкан укуктук көйгөйлөр бар. Бул маселелердин бардыгын карап чыгып, жаңы конуштарды өнүктүрүү үчүн атайын план иштелип чыгышы керек», – деп жыйынтыктады Нурдин Абдылдаев.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: