Шаршембиде америкалык мыйзам чыгаруучулар Кошмо штаттардагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча көз карандысыз атайын комиссия түзүү сунушталган мыйзам долбоорун демилгелешти.
Мыйзам долбоору комиссиянын курамына компьютердик коопсуздук, шайлоо мыйзамдары жана сырткы саясат тармагындагы адистерди киргизүүнү сунуштоодо. Аларга күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн топтоо, угууларга расмий адамдарды чакыруу жана тергөө жүргүзүүгө зарыл болгон документтерди алуу укуктары берилет.
Бирок атайын комиссия түзүүнүн келечеги бүдөмүк бойдон калууда, анткени ал Конгресс тарабынан жактырылган күндө деле ага АКШ президенти кол коюшу керек болот. Шаршембиде Дональд Трамп The Time журналына берген маегинде Демократиялык партиянын электрондук жазышууларынын уурдалышына Орусиянын, ошол эле маалда Кытайдын же Нью-Жерсидеги бир хакердин же башка адамдар менен уюмдардын да тиешеси бар болгон болушу мүмкүндүгүн айткан.
Америкалык басылмалар жазгандай, өлкөнүн чалгындоо агенттиктеринде Орусиянын шайлоого кийлигишкенинин далилдери бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ