Тээ ала жазда камакка алынган белгилуу саясый ишмер, экс-министр Бекболот Талгарбеков башында турган «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнө карата соттук териштируу аяктап калганы, жакынкы күндөрү өкүм угузулаары күтүлүүдө. Фемида өкүлдөрүнөн адилеттуу чечим күткөн Бекболот мырза тарапташ ага-тууган, жоро-жолдош, тааныштарын сабырдуулукка чакырып, коомчулукту козутпай, тынч турууларын өтүнгөнү угулду. Ар аптанын шаршемби, бейшемби күндөрү өтүп жаткан соттук процесстерде да Талгарбековго карата иш негизсиз жагдайда чүргөлгөндүгүн белгилуу юристтер ташка тамга баскандай белгилеп жаткандыгы чынбы? Мындай жагдайда ага карата козголгон иш сотто «сынабы»? Эми президентибиз Алмазбек Шаршенович мөөнөтү бүтө жаздап калганда хандык айкөлдүгүн көрсөтүп, камактагыларга катаал чечим чыгартпай, кечирим берсе болот беле? Ушул күндөрү УКМКнын жертөлөсүндө жаткан каарманыбыздын абалы дурус, өткөн-кеткен күндөрүн таразалап жаткандыгынан кабар алдык. «Түрмөгө жылаан да жатпасын» дейт. Биз да Талгарбековго акыйкат жүзүн буруп, эртелеп эркиндикке чыгып алышына тилектешпиз!
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ