Menu

“Ата Мекен” БШКны сотко берүүдө “Өнүгүүнү” колдойт

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясы “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко жазган арызын колдойт. Бул тууралуу “Ата Мекендин” катчылыгынан билдиришип, арыз эки партиянын атынан берилгенин маалымдашты.

Эки партиянын арызы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жолдонду.

Жалал-Абад шаардык кеңешине КСДП фракциясы сунуштаган тизмеде эреже сакталбаганы аныкталып, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Ата Журт” партиялары Аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган. Анын жыйынтыгында 2-декабрда КСДПнын тизмеси жараксыз деп табылган. Бирок Аймактык шайлоо комиссиясы 5-декабрда маселени кайра карап, чечимди жокко чыгарган.

Нааразы тарап муну мыйзам бузуу деп атаган жана БШК тийиштүү чечим кабыл алышы керектигин белгилешкен. Ага карабай, КСДПга шайлоого катышууга уруксат берилген. Муну аталган партия тизмесин оңдогону менен негиздешкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: