Menu

Казакстанда «каапырларга» чабуул жасоого үндөгөн» адам соттолду

Бөлүшүү:

Актөбө шаардык соту күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кол салууга жана Орусиядагы «каапырларга» чабуул жасоого үндөө айыптары менен жергиликтүү тургунду беш жылга эркинен ажыратты.

23 жаштагы Нурнияз Саркулов сот тарабынан кастык козутууга жана терроризм актысын ишке ашырууга чакырык жасоого күнөөлү деп табылды.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, Актөбө облусундагы Хобдинск районунун тургуну Саркулов «өзүнүн диний көз караштарын таңуулоо» максатында августта эки таанышы менен жолуккан — тергөөнүн версиясы боюнча, ал радикал исламды карманган. Саркулов тааныштарын «каапырларга» каршылык көрсөтүүгө үндөп, Сириядагы согушка Орусия себепкер экенин билдирген.

Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Саркулов жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги абакта өткөрүшү керек. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: