Бүгүн, 9-декабрда Москвада иштеген кыргыз эмгек мигранттары Москва полициясынын кысымдарына, пара талап кылгандыгына, ар кандай кордоолоруна нааразы болуп, алардын укугун коргоону талап кылып Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигине арызданып келишкен. Элчиликтин бир нече кызматкерлери менен жолугушуу болгон. Бирок элчиликтин кызматкерлери полиция чакырып, бир нече эмгек мигрантын полициянын колуна салып берген. Полиция участогунан тартылган видеотасма бизге Ватсап сервиси аркылуу келип түштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ