Menu

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркагандар кризистик борборлорго көбүрөөк ишенеби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш депутаты Айнуру Алтыбаева жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан активист айымдар менен жолугушту. Анда “Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын алдын алуу жана анын кесепеттеринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланды.

Депутат үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алууга арналган форум өтө тургандыгын маалымдады. Декабрь айына пландалып жаткан аталган иш чарага Жогорку Соттун төрайымы менен Башкы прокурор дагы чакырылат,- дейт А.Алтыбаева.

2015-жылы эле үй-бүлөлүк зордук – зомбулукка байланышкан 314 кылмыш иши козголгон. Административдик укук бузуулардын статистикасы жылдан-жылга өсүп жатат.  Мындай терс көрүнүштөрдүн биринчи себепчиси болуп ичимдик ичүү эсептелүүдө. Милиция органдары эле жылына 12 миңден 15 миңге чейинки рейддик кыдырууларды жүргүзүшөт. Бул тууралуу “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Зульфия Көчөрбаева билдирди.

Ошондой эле адистин айтымында, былтыркы жылы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыркап, медициналык жардам алууга 5601 киши кайрылган. Алардын арасында аялдардан тышкары жаш балдар менен кары-картаңдар бар. Көбүнчө алар милиция органдарына же медиктерге караганда кризистик борборлорго ишенип, ошолорго кайрылышат. Бирок, кризистик борборлордун саны аз. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аталган жайлардын санын көбөйтүү жагы айтылууда. Өкмөт бул багытта жер-жерлердеги ишти координациялай турган бөлүмдөрдү ачышы керек деген  талаптар дагы коюлууда.

Жолугушууга келгендер үй-бүлөдө балдар эле эмес, акыркы мезгилде келиндеринен кордук көргөн кайненелер дагы көбөйүп жаткандыгын айтып, жаштарды ыймандуулукка чакырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: