Menu

Мунай өндүрүүнү азайтуу боюнча глобалдуу келишимге кол коюлду

Бөлүшүү:

Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюму (ОПЕК) жана картелге мүчө эмес мунай өндүрүүчүлөр ишембиде 2017-жылга чейин нефтини өндүрүүнү азайтуу жөнүндө глобалдуу келишимге кол коюшту. Мындай чечим 15 жылдан бери алгачкы ирет кабыл алынды.

Венада өткөн ыкчам чогулуш маалында Орусия мунай өндүрүүнүн күнүмдүк көлөмүн 300 миң, Мексика – 100 миң, Азербайжан – 35 миң, Оман – 40 миң жана Казакстан – 20 миң баррелге кыскартууга макул болду.

Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча комитет түзүү чечими кабыл алынды. Ага ОПЕКтен Алжир, Кувейт, Венесуэла жана кортелге кошулбаган өлкөлөрдөн – Орусия менен Оман кирет.

Эки апта мурун ОПЕК сегиз жылдан бери биринчи жолу мунай өндүрүүнүн бир күндүк көлөмү 1 миллион 200 миң баррелге кыскарганын жарыялаган.

Эки жылдан ашык убакыт нефтинин дүйнөлүк баасы төмөн болду. Бул көптөгөн мамлекеттердин бюжетине терс таасирин тийгизип, айрым учурда социалдык нааразылыктардын өсүшүнө себеп болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: