Menu

Кыргызстандын өкмөтүндө Тажикстан ГКНБсынын агенти иштеп жатат

Бөлүшүү:

Тажик чалгыны өз агенттерин өжөрлүк менен, жеткире жакшы аткара албаса да, коңшулаш мамлекеттерге киргизип жатат. 9-сентябрда республикалык ГКНБнын (улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин) борбордук аппаратында Тажикстандын Көз карандысыздык Күнүн майрамдоо учурунда, бул мекеменин төрагасы генерал-лей­тенант Ятимов Саймумин өз кызматтарында өзгөчөлөнгөн чалгынчыларга жана контрчалгынчыларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган.

Бул ирет Мамкомитеттин кыргыздарга каршы маанайдагы төрага орунбасары генерал-майор Мансур Умаровдун демилгеси менен эң жогорку сыйлык – 2-баскычтагы «Спитамен» ордени менен ГКНБ чалгынчысы подполковник Мирзоев Зоир сыйланган.

Мирзоев 2000-жылы Согдий областы боюнча ГКНБ башкармалыгынын чалгын­чысы болуп иштеп турган кезинде, компроматтуу материалдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Баткен областынын Ички иштер бөлүмүнүн БПЭК (экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү) тобунун Баткен районундагы оперуполномоченныйы Разаков Женишти вербовать этип (кызматташууга мажбурлап) алгандыгы менен артыкчылык көрсөткөн. Ал бул кезде Согдий областынын Исфара районунда жашы жете элек же­нил ойлуу тажик кыздары менен эс алып жүргөн болчу. Ж. Разаков акчалай төлөмдөр үчүн тажик тарапка жашыруун чалгын маалыматтарын 2000-2010-жылдарда такай берип турган.

2010-жылы генерал М. Умаровдун жеке көрсөтмөсү жана көзөмөлү астында тажик чалгыны Ж. Разаковду кызматтык жактан өстүрүп, Кыргызстандын президентине чейин жеткирүү боюнча планды иштеп чыгат. Андан ары баары ошол алдын ала ойлонулган сценарий боюнча так ишке аша баштайт. 2011-жылы Ж. Раза­ков Кыргызстан Ички Иштер министрлигинин чиновниктерине тажик чалгынчыларынан алган 50 миң долларды берип, Баткен областтык Ички иштер бөлүмүн жетектеп калат. 2016-жылы Тажикстан ГКНБсынын “агенти” Президент А. атамбаевдин жакын чөйрөсүндөгү адамга 200 миң доллар пара берип, Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп калат.

Бийлик Разаковго кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берген соң, ал чалгынчылык ишмердигин активдүү жасай баш­тайт. Тажикстанда кыргыздарга каршы («антикиргизские» настроения) маанай өсүп, кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү ачык басмырлоого алынат. Бул кезде Разаков, өзүнүн «тажик кураторлорунун» тапшырмасы боюнча Президентке жана Кыргызстан өкмөтүнө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралу жана Тажикстандагы кыргыз коомчулугу жөнүндө фальсификацияланган жасалма маалыматтарды берет. Бул вице-премьердин жакында Биш- кекте өткөргөн пресс-конференциясында аныкталды.

Азыркы кезде Лахш РРПсында (мурдагы Жергеталда) кыргыз улутундагы Та­жикстандын жарандарынын укуктарын чектөө жана кысмакка алуу учурлары көп болуп жаткандыгын белгилеш керек. Ушул жылдын ноябрынын башынан бери эле Жайилган, Гулама жана Карашура калктуу пункттарында 10дон ашуун улуттар аралык бөлүнүүдөн жаралган кагылышуулар катталган. Мисалы, 2-ноябрда Лахш шаарындагы эт комбинатынын жанында та­жик жана кыргыз улутундагы соодагерлер ортосунда мушташуу чыккан, анын натыйжасында эки кыргыз бычактан жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Лахш районунун аэродромунун аймагында 2014-жылдан бери мурдагы ОТО (бириккен Тажик оппозициясы) командири, Турсунзаде ОМВДсынын начальниги генерал-майор М. Искандаровдун 40ка жакын “баш кесерлери” жүрүшкөнүн белгилеп коюш керек. Алар жергиликтүү калк арасында улуттар аралык конфликттерди чыгарууга такай аракет кылып, андан соң кыргыз жаштарын катаал жазалап келишет. Ошондой эле, алар бай жашашкан кыргыздарды тоношуп, жана да “Карамык” КППсындагы кыргыз чек арачыларын коркутуучу акцияларды жасап келе жатышат.

Ушундай эле кырдаал Согдий областынын Исфара районунда да байкалат.Атап айтканда, тажик чек арачылары тажик-кыргыз чек арасында жайгашкан “Гулистан” (Исфара району), Овчи Кальача”  (Б. Гафуров району) жана “Маданият” (Ж. Расулов району) бажы постторунда ар кандай шылтоолор менен шылдың кылып, тийишип, кыргыздардан акча талап кылышат.

Исфара районунун Ворух анклавынын аймагында жана Чоркух калк­туу пунктунда да М. Искандаровдун 100гө жакын “баш кесерлери” өз билгенин жасап жүрүшөт. Алар Баткен  районунун Аксай, Тамдык жана Көк-Таш айылдарына мыйзамсыз киришип, кыргыз бизнесмендерин тоношуп, тажиктерге каршы маанайдагы тургундарды сабашып, кыргыздардын үйлөрүн өрттөп жүрүшөт.

Бул акциялардын баары алдын ала дыкаттык менен пландаштырылып, алыскы келечекке карай 5 так максаты бардыгын,- кыргыз­дарды тажик жеринен сүрүп чыгуу экендигин аңдоо кыйын эмес.

Маселен, тажик чалгынчыларынын буйрутмалары боюнча, алар түнкүсүн кыргыз чек арачыларын уурдап кетишет да, компроматтык материалдардын негизинде “вербовкалап” алышкан соң, кайра коё беришет. Мындан сырткары, соңку кездерде М. Искандаров жана анын “баш кесерлери” Ж. Разаковдун макулдугу менен Кыргызстандын аймагына эч тоскоолдуксуз кире алышат, ал жакта алар тажик бийликтеринин атынан тажик оппозициясынын башчылары менен жолугушушат, алардын арасында Тажиктсндын ГБАОсунан (Тоолуу-Бадахшан автономдуу областынан) чыккандар да бар.

Ошол эле учурда, кыргыз атайын кызматтары өздөрүнүн адистик жетиксиздигин жана алсыздыгын көрсөтүшүп, алардын так көз алдында эмне болуп жаткандыгын байкабай жүрүшөт. Тажик чалгынынын агенти Ж. Разаковдун бийик кызматтык орунга көтөрүлүшү буга айкын мисал боло алат. Ошентип, карапайым кыргыз эли бир жагынан улутчулдардын кысымынан, экинчи жактан алардын укук коргоо органдары өз мекендештерин коргоого жөндөмсүз экендиктеринен азап тартып келе жатышат. Деги жөнөкөй ка­рапайым кыргыз элинин күнөөсү эмнеде? Бийлик ээлери өз ара таасир этүүчү чөйрөлөрдү бөлүштүрүү менен алек болуп жатышкан кезде, эл азап тартып жатат.

Шабнами Собири, “Бирдиктүү Тажикстан” оппозициячыл элдик кыймылынын кабарчысы.

Булак: e-tadjikistan.org

Которгон: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: