Menu

Өмүрбек Текебаев: “Кой-Таштагы жерди Албек да, Атамбаев да ата-бабаларымдын жери деп жатышат, биринин ата-бабалары Кашкардан, бириники Кокондон келишсе анан каяктан алардыкы болуп калат?”

Бөлүшүү:

Жума күнү, 9-декабрда  Бишкектин Биринчи май райондук сотунда  Өмүрбек Текебаев менен Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун ортосундагы сот кайрадан уланды. Албек Ибраимов  “Текебаев менин ар намысыма шек келтирди” деп 1 миллион сомго доо арыз менен сотко кайрылган.

15-сентябрда Өмүрбек Текебаев КР Жогорку Кеңешинде “президент Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы Максим Бакиевдин 2,7 гектар жерин улутташтырып, элге өткөрүп бериштин ордуна коррупциялык жол менен өзүнө менчиктештирип алып, заңгыраган хансарай салып жатат” деп билдирген.

“Ал 2,7 гектар жерди алгач Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири, азыркы Бишкектин мэри Албек Ибраимов мыйзамсыз жол менен аялы Ибраимова Айнуранын атына сатып алып, 2015-жылы Алмаз Атамбаевге сатылды деп каттатышкан.  Ошол белектен кийин Албек Ибраимов Алмаз Атамбаевдин жардамы менен Бишкектин мэри болуп шайланган” деп тастыктаган.

27-сентябрда Албек Ибраимов депутат Өмүрбек Текебаевди анын ар намысына шек келтиргендиги үчүн сотко берерин билдирген.

Албек Ибраимов Кой-Таштагы ал жер анын ата-бабаларына тийиштүү жер болгондуктан аны сатып алып, кийин Алмаз Атамбаев жаңы үй салганга жер издей баштаганда ага сунуш кылганын билдирген.

4-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья Айгүл Үмөтованын төрагалыгы астында депутат Өмүрбек Текебаев менен Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун ортосунда биринчи сот процесси болуп өткөн. Анда негизинен документтер менен таанышуу, процедуралык маселелер каралган.

11-ноябрда процесс кайра уланган. Албек Ибраимовдун жактоочулары дооматты орус тилинде беришиптир.  Ал эми Текебаев парламентте кыргыз тилинде сүйлөгөн жана мэрдин адвокаттары  сотко далил катары алып келген видеотасма да кыргыз тилинде болгондуктан сот процесси кайсы тилде жүрүш керек деген талаш чыгып, сот иши 17-ноябрга жылдырылган.

17-ноябрда процесс кайра уланган.  Соттон кийин Өмүрбек Текебаев “Мен Албек Ибраимов менен президент Алмаз Атамбаевдин моралдык жана саясый аброюна сокку уруп, доо кетирүү максатым бар экенин  жашырбайм. Бул менин укугум. Мен алар бүгүн ээлеп олтурган ордуларына татыксыз деп эсептейм.  Алар эл алдында өздөрүн башкача көрсөткүсү келгени менен чынында алар андай периштелер эмес”  деп билдирген.

30-ноябрдагы сот процессине Өмүрбек Текебаев да, Албек Ибраимов да келишкен эмес. Сот процессине алардын жактоочулары катышышкан.

1-декабрда Алмаз Атамбаев журналисттерге өзүнүн 5 жылдык президенттик мөөнөтү боюнча  маалымат жыйын өткөрүп жатып “Кой-Таштагы 2,7 гектар жерди “мен ал жер менин ата-бабаларымдын жери” экенин айтышкандыктан гана сатып алып үй кура баштадым. Ал жер Максим Бакиевдин жери эмес. Ал жер менин ата-бабаларымыдын жери. Текебаев билет, ошол эле суунун аркы өйүзүндө да 7 гектар жерим бар. Ошол жерге деле үй салсам болмок”, деди.

9-декабрдагы сот процессинде Өмүрбек Текебаев “Мен Албек Ибраимовдон да, Алмаз Атамбаевден коркпойм. Убагы келгенде мен аларды соттотуп, каматам. Балким аларды да сиз соттойсуз”, – деп кайрылды судья Айгүл Үмөтовага кайрылып. “Кой-Таштагы жерди Албек Ибраимов да, Алмаз Атамбаев да менин ата-бабаларымдын жери деп жатышат. Эгер биринин ата-бабалары Кашкардан, биринин ата-бабалары Кокондон бул жака келишсе каяктан Кой-Таш алардын ата-бабаларынын жери болуп калат?” –деди Өмүрбек Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: