Menu

«Чет элдиктерди каттоо» мыйзамын жокко чыгаруу талабы коюлууда

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туризм менен алектенген жарандар президент Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңеш депутаттарына видеокайрылуу жолдошту.

Анда “Чет элдик жарандарды милдеттүү түрдө каттоо жөнүндөгү” мыйзамды чакыртып алуу талабы сунушталган. Караколдо конок үйүн иштеткен Александр Шелгачевдун айтуусунда, бул документ туристтердин келишине жолтоо болот:

– Бул элдин талабы. Анткени, алар жөн эле убакыт коротуп жатышат. Андыктан бул мыйзамды жокко чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылып жатабыз.

Караколдуктар туристтердин көпчүлүгү Кыргызстанга атайын жолдомо аркылуу келбейт дешип, алар кандай эс алууну өздөрү каалагандай мерчемдей турганын, андыктан аталган мыйзам чет элдиктердин өлкөдө жүрүшүн кыйындатарын айтышууда. Бул чакырыкты Кыргызстандагы туроператорлор бирлиги да колдоп чыкты.

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек деген мыйзам күчүнө кирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: