Menu

Камчыбек Ташиев: “Мен колдогон Ноокендик Бакыт Сыдыков, Майлуу-Суулук Талант Мамытовдор парламентке депутат болуп баргандан кийин унчукпай калышты”

Бөлүшүү:

“Эгер былтыр мен “Республика-Атажурт”  партиясынын катарында парламентке депутат болуп барып калсам мүмкүн парламенттеги бүгүнкү күндөгү саясат, мамлекетибиздеги абал таптакыр башкача болмок.  Себеби мен чындыкты ар дайым айтып турмакмын. Эч кимден жалтанмак эмесмин”, – деп билдирди саясатчы Камчыбек Ташиев “Сентябрь” телеканалындагы түз эфирде.

“Президенттен дагы, өкмөттөн дагы, башка депутаттардан да жалтанмак эмесмин. Мени бийлик менен дагы, байлык менен дагы эч ким өз тарабына тартып ала алмак эмес. Мен парламентке барбай калдым. “Республика-Атажурт” партиясы барды. Анын катарында  мен колдогон Ноокендик Бакыт Сыдыков, Майлуу-Суулук Талант Мамытов деген депутаттар барышты. Ушул балдар парламентке депутат болуп баргандан кийин унчукпай калышты. Мен эмне үчүн мындай болуп калды деп көп ойлондум, талдадым.  Парламентке баргандан кийин  “Республика-Атажурт”  партиясынын багыты өзгөрүп кетти.  Элге, мамлекетке кызмат кылабыз деген багытын жоготуп койду. Мен бир нече жолу айттым  “андай болбойт, парламентке келгенден кийин, оппозицияда болгондон кийин өкмөттүн ишин сындап, мамлекеттин ишин сындап, президенттин ишин сындап, туура эмес жака кетип жатса туура жака буруп турууга милдеттүүбүз, ошон үчүн эл бизге добуш берген” деп айтып жеткизе албадым. Ошондон кийин мен “Республика-Атажурт” партиясынан кетип, “Ата-Журт” партиясын жандандырууну чечтим” – деди Камчыбек Ташиев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: