Menu

Өзбекстанда Казакстанга сексуалдык кызмат көрсөтүү каналы бөгөлдү

Бөлүшүү:

Өзбекстандын укук коргоо органдары сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн Казакстанга кыздарды жөнөткөн кылмышкерди кармады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдирүүдө.

Бекабад шаарынын 24 жаштагы тургуну Елена Орлова кызмат көрсөтүү тармагында жогорку айлык маяна төлөнөрүн убадалап, өзбекстандык кыздарды Казакстанга жиберүү боюнча атайын канал уюштурган. Чек арадан өткөндөн кийин алар сексуалдык кулчулукка кабылышкан.

Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү белгилегендей, Шымкентте кыздарды казакстандык Регина атту аял тосуп алып турган. Ал бир нече сауналардын ээси. Ар бир кыз үчүн Орлова андан 400 доллардан алып турган.

Кылмышкер Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан Казакстанга “тирүү товарларды” жөнөтүүгө аракет кылып жаткан маалда кармалган. Ага карата “Адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сот аны күнөөлүү деп таап беш жылга эркинен ажыратты. Бирок жазаны жумшарта турган жагдайлар болгондуктан, Орлова бир жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө кесилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: