Menu

Путин Жапония менен аймактык маселелер жок экенин билдирди

Бөлүшүү:

Орусиянын Жапония менен аймактык маселелери жок экенин Владимир Путин жапон ММКларына берген маегинде билдирди. Президент аталган өлкөгө атайын сапар менен барат. “Бирок Жапония Орусия менен аймактык маселе бар деп эсептейт. Москва бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр”,-деди өлкө башчы.

Путиндин айтымында, аймактык маселелерди ишенимге негизделген достук маанайда чечүү зарыл. Президент эгер максималдуу түрдө либералдуу шарт түзүлсө, Жапония менен Куриль аралдарында биргелешкен экономикалык иштерди алып барууга даяр экенин кошумчалады.

Владимир Путин Жапонияга 15-декабрда барат. Анын сапары эки күнгө созулат. Орусия лидери жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жана өлкөлөр ортосундагы тынчтык келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулайт.

Жапония Курилдеги төрт аралга – Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдар тобуна ээлик кылууну көздөөдө. Бул аралдар Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин СССРдин курамына кирген. Аймактык чыр-чатактан улам, Москва менен Токио алигиче тынчтык келишимине кол кое элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: