Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ант берүү аземи бүгүн Ташкентте Мыйзам чыгаруу палатасы менен Олий Межлистин (парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталары) биргелешкен жыйыны маалында өттү. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.
Ант берүү аземине Борбордук шайлоо комиссиясы менен өкмөттүн мүчөлөрү, Конституциялык соттун судьялары, дипломатиялык мекемелердин башчылары жана Ташкентте аккредитациядан өткөн ММК өкүлдөрү катышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломов 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо өлкө президенти болуп шайланган Шавкат Мирзиёевди куттуктап, ага Өзбекстан Республикасынын президентинин күбөлүгүн тапшырды.
Андан соң жаңы шайланган мамлекет башчы колун Конституция менен Куранга коюп ант берди: “Өзбекстан элине ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга, Конституция менен өлкө мыйзамдарын так сактоого, жарандардын укуктары менен эркиндигин кепилдөөгө жана Өзбекстан Республикасынын президентине жүктөлгөн милдеттерди чын дилден аткарууга салтанаттуу түрдө ант берем”.
4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынан талапкер болгон Шавкат Мирзиёевге шайлоочулардын 88,61 пайызы добуш берген. Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү зарылдыгы өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримов 79 жаш курагында көз жумгандан кийин жаралган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ