Menu

Казакстанда “кастыкты козутууга” айыпталган жаран алты жылга кесилди

Бөлүшүү:

Трансулуттук кылмыштуу топтуу түзүү жана кастыкты козутуу боюнча айыпталган Павлодардын жашоочусу Руслан Гинатуллин алты жылга кесилди. Ал катаал режимде жазасын өтөйт.

Сот мындан тышкары андан экспертизаларды жүргүзүүгө кеткен чыгымдарды өндүрүп алуу боюнча дагы чечим чыгарды. Өкүмдү угузуу маалында айыпталуучунун жактоочусу болгон жок. Быйыл июндан бери камакта жаткан Гинатуллин соттун акыркы бүтүмү чыгып жатканда ызы-чуу салган жок.

Гинатуллин «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө экстремисттик мүнөздөгү бир нече видеороликтерди жайгаштырган деп айыпталган. Тергөөнүн пикиринде, алар улут аралык кастыкты козутууга багытталган. Гинатуллин буга чейин тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деген айып менен соттолгон. Тергөө материалдарына караганда, ал бул уюмдан чыккан эмес жана катарына жаңы адамдарды тартуу менен алектенген.

Гинатуллин тагылган күнөөлөрдү четке какты. 13-декабрда ал акыркы сөзүн сүйлөп жатып, кинелердин логикасы жок сандырак экенин билдирди. Айыпталуучунун айтымында социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшкөн роликтер экстремисттик мүнөзгө ээ эмес жана аларды Интернетте эркин көрүүгө болот.

Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочу Гинатуллинди жети жылга эркинен ажыратууну сураган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: