Menu

ЭВФ: Түркмөнстанда экономиканын өнүгүү темпинин жайлашы уланат

Бөлүшүү:

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жакында эле Түркмөнстанда болуп кайткан расмий миссиясынын маалыматында өлкө экономикасынын өнүгүүсү сырткы факторлордон улам төмөндөп, 2016-жылы учурдагы каржы таңкыстыгынын күчөшү күтүлөрү жазылган. Ошол эле маалда көмүрсуутек тармагына тиешеси жок ички өсүш диверсификация жана насыялардын эсебинен камсыздалып жатканы белгиленген.

«Борбор Азия аймагындагы башка өлкөлөр сыяктуу эле Түркмөнстан да дагы деле сырткы терс факторлордун таасири астында», – деп белгиледи ЭВФдин Түркмөнстанга барып келген расмий тобунун жетекчиси Мартин Соммер.

Ошондой эле ал көмүрсуутек ресурстарынын баалары төмөн бойдон калып, эл аралык соода өнөктөштүк начарлап жатканын белгиледи.

«Ички продукциянын эсебинен импорттун ордун толтуруу саясатынын активдештирилгенине карабастан экспорттун көбөйүшү, социалдык керектөөлөргө карата мамлекеттик чыгымдын азайышы жана энерготашуучу заттарды экспорттоодон түшчү кирешелердин төмөндөшү өз жыйынтыктарын берди», — деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Түркмөнстан өлкөнүн экономикалык өсүүсү уланып жатканын жарыялады. 9-декабрда өкмөт 2016-жылдын 11 айында ички дүң өнүмдүн өсүү темпи 6,2 пайызды түзүп, эң прогрессивдүү тармактар болуп соода, айыл чарба, транспорт жана тейлөө тармактары эсептелгенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: