Menu

Финляндия Кыргызстандан азык-түлүктөрдү экспорттого кызыктар

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-декабрда, Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин саясатты өнүктүрүү маселелери боюнча улук кеңешчиси жана Элчиси Юхани Тойвонен баштаган делегация менен жолугушту.

Премьер-министрге фин тарабынан айыл жана балык чарбасы ошондой эле геология тармагында Кыргызстан менен мындан ары узартууга сунушталган кызматташтык программасынын долбоорунун  бет ачары көрсөтүлдү.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы эки тараптуу маилелерди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө маани берет.

«Биз Финляндия тарабынан кызматташтыктын түрдүү тармактарында анын ичинде сөзсүз түрдө демократиялык принциптерди бекемдөөдө көрсөткөн көмөгүн жогору баалайбыз. Биздин система Финляндиянын мамлекеттик түзүлүшү менен окшош мүнөзгө ээ, сиздерден үйрөнө турган нерселер бар. Биз бул багыты өнүктүрүп, алдыга жылдырууну көздөйбүз », -деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы кызматташтык долбоорлоруна кайрылып, Кыргызстан үчүн энергия булактарын кайра калыбына келтирүүгө өзгөчө маани берерин, анын ичинде кичи суу энергетикасын жана күн энергиясы бар.

Мындан тышкары Өкмөт башчы мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча чоң потенциял иштетилбей жатканын белгиледи.
«Бул багытта мамлекеттик органдар менен ишкерлер ортосундагы байланышты күчөтүү зарыл. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда тийиштүү министрликтер менен ведомстволорго Финляндия менен кызматташтыкты түзүүнү  жөнгө салуу боюнча тапшырма берилет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Элчи Юхан Тойвонен Кыргызстан туристтерди өзүнө тарта турган мамлекет анын ичинде Финляндия да бар экенин белгиледи.

«Өзгөчө экспортко ылайыкталган азык-түлүктөргө кызыгуу чоң. Биздин мамлекеттик органдар арасында тыгыз байланыш күчөп келатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан экспорттоло турган он азыктын тизмеси түзүлдү. Ушул тизменин арасынан көбүрөөк кызыгуу жаратып жатканы: кыргыз балы, грек жаңгагы, кургатылган мөмөлөр жана тигүү өнөр жайы. Жакын арада Кыргызстандан Финляндияга продукцияларды экспорттоодо туруктуу өнөктөш катары иштеше турган Финляндиялык ишкерлердин атайын делегациясы келери күтүлүүдө», – деп маалымат берди Юхан Тойвонен .

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарап аталган долбоорду колдоого даяр экенин билдирди. Ал Кыргызстан алты миңден  ашык кыргыз продукцияларын Европа рыногуна эч кандай тоскоолдуксуз чыгарууга «ВСП+» макамын  алганын эскертти.

«Бизде накта экологиялык жактан таза азыктарды Европага экспорттоого чоң мүмкүнчүлүгүбүз бар. Учурда инфраструктураларды аягына чыгаруунун, кадрдык деңгээлди көтөрүүнүн жана ишкердикке  жагымдуу шарт түзүүнүн үстүнөн иш алып барып жатабыз. Инвестициялык мыйзам базасына салыштыра турган болсок, бизде бул тармак жетишээрлик деңгээлде либералдуу», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Соңунда Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө Финляндия билим берүү системасында, саламаттык сактоо жана айыл чарбасында алдыңкы позияцияда экенин кошумчалады. Буга байланыштуу эки мамлекеттин министрликтери менен тажрыйба алмашып, аны кийинки өзүнүнүн ишине пайдалануу сунуштары айтылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: