Menu

Кувейттин “Ас-салам” фонду Жалал-Абадга гемодеализ аппараттары бар жаңы оорукана салып берет

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-декабрда КРдин өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кувейт, Оман, Катар сыяктуу арап өлкөлөрүнөн келген «Ас-Салам» гуманитардык фондунун уюштуруучуларын кабыл алды. Гуманитардык делегациянын курамында фонддун башкы директору доктор Набиль Хамад Аль-Аун баштаган 30дан ашуун арап өлкөлөрүнүн ишкерлери жана фонддун Кыргызстандагы өкүлдөрү келишти. Өкүл К.Сатыбалдиев делегацияны кабыл алган соң ишкерлерди коштоп Жалал-Абад шаарындагы майып балдар интернат ооруканасына алып барды. Делегация майып балдарга оюнчуктар, коляскалар, отургучтар, кийим-кече, килем, төшөнчү, памперс сыяктуу 300 миң сомдон ашык каражатка бааланган буюмдарды белек кылышты.
Тактай кетсек, аталган фонд 2015-жылы бул интернат ооруканага 16 млн. сомдук жаңы имарат куруп берген. Бүгүнкү жолугушууда өкүл К.Сатыбалдиевдин жана мекеменин кызматкерлеринин суранычы менен аталган мекемеге 187 миң доллар турган анан азыктарынын баардык бышыруучу печь, шашылыш кырдаалда оорулуу балдарды облусттук ооруканага ташып туруу үчүн 8 орундуу автоунаа алып берүүнү убадалашты.
Өкүл К.Сатыбалдиевдин демилге-сунушу менен доктор Набиль Хамад Аль-Аун баштаган делегация областтык оорукананын имаратына келишти. Оорукананын карамагында жаңы курулуш үчүн бош жаткан 3 га жер бар. Ушул жерге фонддун өкүлдөрү гемодеализ аппараты, күйүк жараттарын кабылыбына келтирүүчү бөлүм, кан тазалоочу лаборатория сыяктуу аппараттар менен жабдылган жаңы оорукананы 2017-жылдын жай айларына куруп берүүнү пландап кетишти. Курулушка жумшалуучу каражат космостук сандары чапчыйт. Бирок, кайрымдуулук делегациясынын 30 өкүлү жолугушуу болгон жерден онлайн режимде өз өлкөлөрүнө маалыматтарды жөнөтүшүп, дароо жообун берип жатышты. Натыйжада курулуш башталаарын билдиришип, өкүлдү куттукташты. Өкүл К.Сатыбалдиев гуманитардык делегацияга абдан чоң ыраазычылык билдирип узатты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: