Menu

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктарын камсыз кылуу боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарынын камсыз кылынышы жана коомдук жайларда аларга  түзүлгөн шарттардын абалы боюнча Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бийликтер тарабынан текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын  укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү мыйзамды Жалал-Абад шаарынын аймагында толук кандуу турмушка ашыруу максатында шаардагы мекеме-ишканаларда 15-декабрдан тарта менчигинин түрүнө карабастан алардагы түзүлгөн шарттар менен танышуу иши жүрүп жатат.

-Рейдде эң эле негизи маселе катары имараттардын кире беришиндеги пандустардын бар-жоктугу, эгер болсо  алардын талапка ылайыктуулугу атайын адистердин катышуусунда каралууда. Анын негизинде биз мекеме-ишканалардын жетекчилигине бул маселелер боюнча тийиштүү эскертүүлөрдү беребиз, – дейт ал.

Жергиликтүү экотехинспекциясынын улук лейтенанты Азиз Алиевдин айтымында,  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мекеме-ишканаларда толук шарттар каралган эмес. Экотехинспекция тарабынан бул маселелер боюнча эскертүүлөр буга чейин эле аларга берилип келген.

-Көбүнесе эскилиги жеткен имараттарда пандустардын жоктугу, эгер болсо стандартка жооп бербестиги байкалат. Бирок, биздин эхотехинспекция тарабынан жаңыдан салынып жаткан социалдык имараттарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн зарыл, ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча алдын ала эскертүүлөрдү берип жатабыз, – дейт ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: