Menu

Азимбек Бекназаров 2010-жылы апрелде Мелис Мырзакматовду кантип Убактылуу өкмөт тарапка оодарганын айтып берди

Бөлүшүү:

Революционер Азимбек Бекназаров жакында эле бет ачарын өткөргөн “Мен кыргызмын” аттуу эскерүү китебинде 2010-жылы апрелде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду Бакиев тараптан Убактылуу Өкмөт тарапка кантип оодарганын жазган.

“Ошко Бакиевдер 14-апрелде келип, Президенттин Оштогу резиденциясына олтуруп, Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруусуна кепилдикти Ош шаарынын мэри М. Мырзакматовго берген. Ал Жалал-Абадга келип, Бакиевдерге жолугуп кеткени боюнча кабарым бар эле. Эгерде Бакиев Ошто олтуруп Президенттин ишин улантса Кыргызстан реалдуу экиге бөлүнүп калмак. Өлкөдө граждансык согуш сөзсүз түрдө башталмак.

Биз такси менен Ошко жеткенде түнкү саат 2-3 болуп калды. Мен Сооронбай Жээнбеков, Рустам Маманов менен макулдашкан жерде жолуктум. Сооронбай: «Эртең Бакиев Ошко келсе эч нерсе кылалбайбыз, Ошто эл саясатка аралашпай, Бакиевди колдогонсуп турат. Бизде да адамдар бар, бирок аз. Алайдан, Кара-Кулжадан эл ташыганга, Ошто алардын курсагын тойгузуп кармап турганга каражат жок» – деди.

Сооронбай: «Азике, сен Мырзакматов менен кандайсың? Аны ме­нен сүйлөшүп, аны биз тарапка оодарсак, анда Бакиевдерди кууп чыкса болот, ал Жалал-Абадга барып Бакиевге жолугуп келиптир, бизге кошулбай жатат», – деди. Мен Мырзакматов менен эч кандай тааныштыгым жоктугун айтып, телефону барбы, сүйлөшүп көрөлү – дедим. Сооронбай ага чалып, телефонун мага берди. Мен Мырзакматов менен сүйлөшүп, ким экенимди айтып, жолугууну сунуш кылдым. Ал макул болду. Мен борбордук аянтта жүргөнүмдү, сен келсең өзүм сага барам – деп билдирдим. Ал жарым саатта келип каларын айтты. Биз дагы башка такси которуп, Самсаалы экөөбүз борбордук аянттын Мэрия тарабында турдук.

Мен: Бул да тарыхый иш, бирок тарыхта кандай каласың, ойлон, жүздөгөн жарандарын атып, оор кылмыш жасап качып келген кылмышкерге жардам берип, Ошто да канча адамдын канын төккөнгө Мырзакматов салым кошкон, – деп тарыхта каласың, а Бакиевдер бол­со, эптеп чет өлкөнүн бирине качып кетем деп аракет кылып жаты­шат, аны Убактылуу Өкмөт уруксат берсе алып кетет элек деп ОБСЕнин самолету «Манас» аэропортунда турат, биз Убактылуу Өкмөт ушунча адамды аткан адамды чыгарбайбыз, эл алдында соттойбуз, – деп азырынча макул болгон жокпуз, күч келсе элдин тынчтыгы, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн башка тарыхый чечим кабыл алып коюшубуз мүмкүн, эгерде биз ага үй-бүлөсү менен чыгып кеткенге уруксат берсек, сени кошо качырбайбыз, алып калабыз, сен да Бакиевдер менен кошо кетпейсиң да? – дедим. Ал: «Мен эмнеге качат элем?» – деди. Сен эртең Ба­киевди олтургузам, коргойм, – деп жатасың, мен, Сооронбай, Рустам, дагы башкалар Бакиевди Ошто олтургузбайбыз, аны кармайбыз – деп жатабыз, ошентип ортодо Бакиев үчүн чыр чыгабы, ага сен күнөөлүү болосуң, мага ишенбей жатат окшойсуң, анда өзүң ук деп, Р.Отунбаевага телефон чалып: – Эже, ОБСЕнин адамдары дагы деле олтурабы? – десем, эже: «Азимбек амансыңбы, кайдасың?» – деп сурады. Мен Ошто экенимди, эртең менен Бакиевдерди кантип тосуп алабыз, ошону сүйлөшүп жатабыз, ОБСЕнин адамдары эмне деп жатышат? – деп телефондун бийик үнүнө коюп койдум. Эже: «ОБСЕнин адамдары мени тажатып бүтүштү, Бакиевдерди үй-бүлөсү менен бергиле, алып кетебиз дешип, впрямо холлдо жатышат, Россия, Казакстан да жанды койбойт, чыгарып жиберели десем, силер эле болбой жатпайсыңарбы, ал кетсе өлкөдө стабилдүүлүк орнойт эле» – деди. Мен, мейли эже болуптур, дагы сүйлөшөбүз, — десем: «Азимбек этият бол» – деди.Мырзакматов 5-6 машина жан сакчылары менен аянтка келди. Биз Самсаалы экөөбүз кичинекей «Тико» машинасынан чыктык. Мелис менен көзмө-көз жигиттерче сүйлөшөлү (эркекче) деп ток этер жерден баштадым. – Мелис үкөм, сенин Жалал-Абадга барганыңды, азыр Бакиевдерди күтүп жатканыңды билем. Сен акылдуу жигитсиң, Бакиевдин заманы бүттү. Ушунча адамды атып өлтүрүп, анан Ошто олтуруп бийлик кылам дегени жаш баланын да сөзү эмес, сен аны түшүнүп турасың. Менин сага өтүнүчүм бар, иним, тарыхый иш жаса, өзүңдүн авторитетиң менен Кыргызстанды жарандык согуштан, экиге бөлүнүп кетүүдөн сакта, эгер сен эртең Убактылуу Өкмөттү колдосоң, балдарыңы Жээнбековдун адамдарына кошуп Бакиевдерди резиденцияга киргизбей, Оштон кетиргенге жардам берсең, тарыхый иш жасаганың ошол болот. Жок, Бакиевди колдойм, ал легитимдүү Прези­дент, резиденцияга олтургузам десең да өзүң бил, бирок Бакиевдер ашып кетсе эки күн араң олтурат, Алайдан, Кара-Кулжадан адамдар келе жатышат, Аксыдан да миң киши келет, аны баары бир Оштон кууп чыгабыз, мен атайын келдим, ал колго түшүп бермейинче түштүктө болом, – дедим. Ал баарын угуп, ичинен менин сунушума мурда эле даяр болсо керек, бирок ага карабай, «Бакиевди эл шайлаган, анын бийлигин күч менен тартып алабыз дегендерди атууга укугу бар бийликтин, ошол үчүн бийлик да, мен эртең менен Бакиевди тосуп алып, резиденцияга олтургузам» – деди.

Мен, Мелиске: – Уктуңбу? Ишендиңби? – дедим. Ал дароо өзгөрүлүп: «Аке, мага кандай гарантия? – деди. – Сага мен гарантия, мен Убактылуу Өкмөттө олтурганда сен Ошто Мэр болуп олтурасың, эгерде мен кетсем, ал жагын өзүң билесиң, – дедим. Ал: «Болду аке, мен силер менен болом» – деди. Мен ага эртең менен эрте Жээнбековдор, Мамановдор Лениндин эстелигинин алдында, ушул жерде болушат, Бакиевдер келсе аларга каршы чыгат, сен балдарыңы аларга кош, өзүң алар менен тур, алдоо болбойт, баарын мен өзүм көрүп турам, – дедим. – «Сиз кайда болосуз?» дегенде, мен эл ичинде болом, силерди карап турам, – дедим.

Мен: – Бакиевдер түз эле резиденцияга барып олтуруп алса эмне кылабыз, – деп коркуп турдум эле. Мырзакматовго катуу ишенсе керек. Эртең менен Бакиевдер эл турган борбордук аянтка келишип, эн чоң катачылык кетиришти. Борбордук аянтта эл сизди күтүп турат деп бирөөлөр ишендирсе керек. Алар машиналары менен аянтка драмтеатр жактан келе жатканда эле Асылбек Жээнбеков баштаган адамдар, ага Мамановдун, Мырзакматовдун балдары кошулса керек, айтор, бир өңчөй жаштар, анча-мынча аялдар алдынан тосуп: «Ошко кирбейсиңер, кайт артыңа, Оштон кет» – деп жакын келгенде, жан сакчылары асманга ок чыгарып, алар машиналарга кире качып, артка кетүүгө аргасыз болду. Артка кетип, Өзгөнгө барып токтогонун уктум. Эгер резиденцияга барганда, мүмкүн, ал жерге барып олтуруп алмак. Ү.Сыдыковдун үйүндө олтурган түштүктүн бир топ аксакалдары аны тосуп алышмак.

Ошентип, Бакиевдин түштүктө олтуруп бийликти улантам деген ою ишке ашкан жок. Ошондо ага каршы турушкан карапайым эл, аларды уюштуруп жетекчилик кылган С.Жээнбековдун, А.Жээнбековдун, Р.Мамановдун, элдик милиционер аталган Капаровдун, камалып чыккан К.Тезекбаевдин ж.б. кеч болсо да аларга кошулган М.Мырзак­матовдун ошондогу эрдигин, өмүрлөрүн тобокелге салышканын тарых үчүн, калыстык үчүн айта жүрүү керек.

Бакиевдер артка качып кеткенден кийин баарыбыз С.Жээнбеков­дун кабинетине кирип, мен аларды кан төгүлбөй аяктаган жеңиштери менен куттуктадым. Самсаалынын сумкасында жүргөн Бишкектен келген нан-токочту бөлүп берип, аларды да аягына чейин бирге болуу үчүн антташтырдым. Сооронбай сыртта турган элге лепешка алып берүүгө да каражат жок экенин, элдик кошундарды кантип кармоо тууралуу дагы арызын айтып жатты.

К.Дүйшебаев менен сүйлөшүп, Бакиевдер азыр Өзгөндө турганын айтып, Жалал-Абад менен Өзгөндүн ортосундагы ашууда, эл жок жерде аларды кармаш үчүн мага Ошко спецназдын балдарын вертолет менен жиберүүнү сунуш кылдым. Ал мага: «Сиз атайын операцияга барбай эле коюңуз, мен Жалал-Абадга 80 спецназ менен өзүмдүн биринчи орун басарым Артур Медетбековду жиберип жатам, азыр алар учат» – деди. Мен: – Артур Медетбеков деген ким? Ал качан орун басар болду? Мурда эле бар беле же жаңы болдубу? – десем: «Жаңы эле дайындалды, ал профессионал чекист, бизди уят кылбайт, сиз ал жакка барбаңыз» – деди. Мен ага: – Мен Оштомун, эгер бир нерсе болсо дароо чал, – дедим.

Эки-үч сааттан кийин мага Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасуловалар келишти. Биз Бакиевдер менен сүйлөшүүнүн жолун акылдашып жатканда эле, Азиза бирөө менен телефондон сүйлөшүп, анан бизге: «Бакиевди үй-бүлөсү менен ОБСЕ Жалал-Абаддан алып кетет экен, Убактылуу Өкмөт уруксат бериптир» – деди. Мен мындай болушу мүмкүн эмес деп, Р.Отунбаевага телефон чалсам: «Мен жеке өзүм ушундай эрктүү чечим кабыл алдым, Орусия, Казакстан, ОБСЕ жанды койбоду, ал чыгып кетсе Кыргызстанда стабилдүүлүк орнотконго жардам беребиз дешти»— деди эже. Мен: — Роза Исаковна, тарых алдында өзүңүз жеке жооптуу экениңизди элге чыгып айтыңыз, Убактылуу Өкмөттүн чечими жок, сиз жеке өзүңүз андай чечим алууга укугуңуз жок болчу, муну эл билсин, сиздин жеке чечимиңиз үчүн түштүктө өмүрүмү тобокелге салып жүргөн мен ортоктош боло албайм, – деп телефонду өчүрдүм. Тигилерге Азиза туура айтыптыр, Отунбаева жеке өзү уруксат бериптир, мүмкүн туура кылгандыр, тарых өзү баасын берет дедим.

Ошентип, 2005-жылдын Март революциясынын шарапаты менен бийликке келген Президент К.Бакиевдин доору 2010-жылдын 15-апрелинде анын Р.Отунбаеванын чечими менен, ОБСЕнин жардамы аркылуу Белоруссияга чыгарылышы менен биротоло аяктады. Эми анын ордуна 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын аркасы менен бийлик­ке келишкен Убактылуу Өкмөттүн убактылуу өткөөл доору башталды.”

уландысы бар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: