Жергиликтүү шайлоолор кимдин-ким экенин, кайсыл саясатчынын ооматы келип турганын даана тастыктады. Өткөн жылы парламенттик шайлоодо маарага үчүнчү болуп келген “Кыргызстан” партиясы бул сапар көп жерлерден добуш ала албай өз баасын алды. Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүүсүн” аймактык партия деп сөз кылгандар, кечээки шайлоодон кийин ооздорун ачпай тургандай эле болду. Бишкек шаардык кеңешине “Өнүгүүнүн” кадам таштаганын айрымдар Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаевдин алып берген добуштары, Төрөбаев өзү кыйраткан добуш ала албайт болчу деп чыгышты. Аларга Эдил Байсалов деген туура жооп бериптир. Ал “Оомат ооп турган чагы. Упайы кечээкиден бүгүн беш эсе көбөйдү. “Кыргызстан” партиясы солгундады. “Ата-Мекен” ушу менен өлдү. Эргеш абанын баласын кыйын деп айтышыбыз керек. Кыйын! Эмне себептен анда “Акшумкар” Кара-Балтада өтпөй калды? Кантта да жетишкен жок. “Ата-Мекен” Жалал-Абадда 200′ добуш алды. Нарында да акыркы. “Өнүгүү” болсо жер-жерлерден баардык кеңештерге өттү. Көп жерлерде экинчи болуп келди. Рейтинги бар. Күчү толуп турган чагы!” деп жазып чыкты. Байсалов айтмакчы Төрөбаевдин ооматы келип турган чагы.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ