Атаңдын гөрү десең! Колдоп турса кожоюн депутат, министр, вице-премьер министр болуш эмне экен. Ерунда! Ошентип, Элвьвира Сариева деген эрке кызыбыз бул жолу Ак үйгө барып конду. Ал 2012-жылдан 2014-жылга чейин СДПКнын квотасы менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп туруп эле ушунчалык карьералык секирик жасап, түп түз эле социалдык маселелерди тейлөө боюнча Кыргыз мамлекетинин вице-премьер министринин креслосуна барып олтурган. Бирок, мааниси терең ал кызматтын жүгүн бир жыл да сүйрөй албады. Себеби, социалдык маселелелер деген оюнчук эмес. Айрыкча, экономика эңшерилип турган оор шартта. Анан калса кайсы коом болсо да андагы саясий жарылуулардын бирден бир себепкери дал ушул социалдык маселелердеги көйгөйлөрдөн улам чыгат. Демек, андай жерде мыктынын мыктысы, кадрдын кадры олтуруш керек эле… Бирок, Э.Сариева ал кызматтан шыпырылганы менен, мамлекеттин келечек тагдырын аныктаган Билим берүү министрлигинин башчылыгына дайындалат. Жашырганда не, Эльвира айым ал жерде деле ачылыш жасай албады. Өлкөбүздүн билим берүү тармагы тескерисинче сазга баткандай болду. Эки жылга жетпей ал жерден да “аутка” кетип, карааны горизонтто көрүнбөй калган. Бул ирет ал кайрадан жаңы кызматка, болгондо да мамлекетибиздин башчысы президент А.Атамбаевдин президенттик аппаратынын социалдык саясатын тейлеген бөлүмдүн башчысы болуп дайындалды. Э.Сариеваны аталган кызматка дайындоо тууралуу кечээ ажобуз Алмазбек Шаршенович Жарлыгын жазып, колун койду. Эми… эмне дейли. Эльвира Кубанычбековнага барган жеринин багын ачып, ишинде ийгиликтер болсун демекчибиз. Андан башка не демекчибиз?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ