Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “Атамбаев убактылуу гана жеңишке жетишти, муну кыргызда “бозодогу жеңиш” деп коёт”

Бөлүшүү:

– Референдум президенттин үмүтүн актап өткөнү менен элде эртеңкиге ишенич жараттыбы?

– Бийликке келген ажолордун көнгөн адаты бар, түз эле баш мыйзамга асылып, бийлигин колунан чыгаргысы келбейт экен. Атамба­ев оппозицияда жүргөндө ашыкча демо­крат болуп, бийликти сындаганга андан бир дагы саясатчы алдыга чыкчу эмес. Эми Атам­баев бийликке келип алып, бийликтин чылбырын кармап башкаргысы келип, жанталаша баш мыйзамды өзгөртүүгө жетишти. Эдил Байсалов айткандай, “Атамбаев убактылуу гана жеңишке жетишти”. Муну кыргызда “бозодогу жеңиш” деп коёт. Албетте, Э.Байсалов чындыкты айтты. Атамбаев демократиянын жетишкен дөттөрүнүн бири – көпчүлүктүн чечимин бузуп, эми бар­дык күчтү өкмөткө берип, кадр саясатын өкмөт өзү чечкенден кийин кайра эле авторитардык мурунку коррупциялык жолго келип калдык. Жанталаша дежурларды телеэкрандын бетинен кетирбей, “Башмыйзамды өзгөртсөк жашообуз өнүгүп-өсөт” деп баягы кур убадаларды дагы беришти. Так ушинтип куру убада берип отуруп, шайлоонун маанисин бийлик кетирип бүттү. Ошондуктан референдумга жарандык коом деле кайдыгер карап, шайлоонун баркы кетип, толук кандуу катышкан жок. Шайлоонун баркы кеткенинин дагы бир себеби, президентибиз ойду-тоону сүйлөп, калп айтып, убадасынан эл тажады. Калп айтуу мамлекеттик деңгээлде өз ордун тапты. Анткени, уурулук бийликте, парламентте орун алганын Текебаев фактылар менен далилдеп жатат. Ошондуктан референ­дум жана шайлоо оппозицияга жанданууга күч берип, алдыда бир өзгөрүшкө алып келери бышык. Атамбаев мындан ары ири ката кетире берерин өзү көргөзө алды, өзүнүн референдуму өз башына тийери бышык.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: