Menu

“Сакалдын” тагдыры чечилгени калды

Бөлүшүү:

«Мыйзамдагы ууру» аталган Улан Токтосунов, каймана аты «Сакалдын» тагдыры чечилээр алдында турат. Ал учурда Камчы Көлбаевдин кылмыш дүйнөсүндөгү активдүү мүчөсү Дамир Сапарбековду атууга буйрутма берген деген кине менен камакта жатат. Чубактын кунундай чубалган соттук иштер уланып отуруп аягына чыгайын деп калды. Жарыш сөз башталып, соттолуучулар жана жабырлануучулар акыркы сөздөрүн айтышты. Жабырлануучу тараптын адвокаты «Сакалды» 18 жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Ал эми Улан Токтосунов Кыргызстанда акыйкаттык бар деп Түркиядан учуп келип, өзү колго түшүп бергенин баса белгиледи. Ошондой эле Дамир Сапарбековду атып өлтүргөн Адилет Казатов бул кылмыш ишине «Сакалдын» кенедей да тиешеси жок экенин сотто айтып берген. Эми акыркы чечимди судья Боромбаев коёт. Ал кишите Кудайым ыйман берсин деп туралы…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: