Menu

Калктын жарымынан азы катышкан шайлоону мыйзамдуу деп атаган туурабы? Эмнеге 60% эл шайлоого катышпай койду?

Бөлүшүү:

“Той да болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, бийлик да, оппозиция да “күткөн” 4-декабрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен коштолгон Конституцияга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. БШК бул шайлоо өнөктүгүнө шайлоочулардын болгону 40,48 пайызы катышкан менен өттү деп жарыялады. Демек, бул бийлик билгенин кылат дегендик. Себеби шайлоого катышкандардын 79,62 пайызы же 1 миллион 154 мин 141 киши Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоптур. Каршы 15,37 пайызы же 177 мин 933 киши добуш берсе, 5,01 пайыз же 57 мин 877 бюллетень жараксыз деп табылды. Бирок көпчүлүк мугалим, врач сыяк­туу бюджеттик кызматкерлер, солдаттар шайлоого мажбурлап катыштырылгандыгын көрүп, билип эле турдук. Референдумга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, судьялардын ыйгарым укуктарына жана жарандардын укуктары менен эркиндигине байланышкан Кон­ституцияга 26 өзгөртүү киргизүү маселеси алынып чыккан. Бирок ушул узун тизмедеги сунуштардын баардыгына бир дем менен “ооба” же “жок” жооп берүүгө мажбурлаган туурабы? Деги эле жалпы калктын жарымынан азы катышкан шайлоону мыйзамдуу деп атаган туурабы? Эмнеге 60% эл шайлоого катышпай койду? Бул азыркы кыргыз бийлиги менен алардын жасап жаткан ишине элдин ишенбей тургандыгынын белгиси эмеспи?

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: