Menu

Азимбек Бекназаров: “Атамбаев мага “силер саруулар апичеңер Отунбаеваны төрайым кылып алдыңар, банк акчаларын саткын Сариев менен бөлүштүң, силерге «сарууларга» жакшылык жок экен» деп кыйкырды

Бөлүшүү:

Революционер Азимбек Бекназаровдун жаңы бүткөн “Атамбаевдин доору” китебинен:

“Убактылуу Өкмөттүн курамы эмне үчүн 14 кишиден түзүлдү? Бул дагы коомчулукта талаш-тартышты, айрыкча саны эмес, курамы (сос­тавы) боюнча көп суроолорду жаратып келаткан маселе. Башында айтканымдай, мен Нарындан келип, Исаков жана башкаларды түрмөдөн бошотуу боюнча алаксып жүргөнүмдө, Убактылуу Өкмөттүн өзү, ку­рамы, жетекчилиги чечилип калыптыр. Ошондо Убактылуу Өкмөттүн курамы төмөнкүдөй түзүлгөн:

  1. Р.И.Отунбаева – Убактылуу Өкмөттүн торайымы;
  2. А.Ш.Атамбаев – Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары;
  3. А.А.Бекназаров – Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун ба­сары;
  4. Ө.Ч.Текебаев – Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун баса­ры;
  5. Т.А.Сариев- Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу;
  6. И.Ш.Өмүркулов – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Бишкек шаарынын Мэринин милдетин аткаруучу;
  7. Б.Шерниязов – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Ички иштер ми­нистринин милдетин аткаруучу;
  8. Т.Тургуналиев – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин директорунун мил­детин аткаруучу;
  9. И.Исаков – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Коргоо министринин милдетин аткаруучу;
  10. А.Эркебаев – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү;
  11. Э.С.Каптагаев – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Өкмөттүн Аппа­рат жетекчиси;
  12. Д.Т.Чотонов – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, МЧСтин минист­ринин милдетин аткаруучу;
  13. Э.С.Ибраимова – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү;
  14. К.Дүйшебаев – Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу.

Убактылуу Өкмөт курамы боюнча коалициялык Өкмөткө окшош болгон. Анын курамында «батышчылдар», «орусчул» жана улутчул көз караштагы ар кандай саясий партияларда турушкандар түзүшкөн. Алардын саясий көз караштары ар кандай болгону менен, бардыгын БЭКтин максаттарын ишке ашыруу бириктирген.

Алгачкы документте С.Жээнбеков Элдик Өкмөттүн мүчөсү болгон. Бирок Элдик Өкмөт Убактылуу Өкмөт болуп түзүлгөндө анын ордуна И.Өмүркулов мүчө болгон. С.Жээнбеков революциядан кийин Ош областында губер­натор болуп, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон жок.

Убактылуу Өкмөттүн жетекчилиги жана курамы боюнча башында анча кызыккан эмес элем, бирок Атамбаев экөөбүздүн ортобузда бол­гон биринчи «кагылышуудан» кийин изилдеп көрүүгө туура келди. Көрсө, БЭКтин Бишкекте калган лидерлери дээрлик баары кармалып, УКМКга алып келинип, андан ары Атамбаев Бишкек ИИБнүн УКЖна өзүнчө камалып, Отунбаева ары-бери орун которунуп, жашырынып жүрүп камалбай калган. 7-апрелде түштөн кийин «бийлиги бүтүп баратканын» сезген Бакиевчилер жогоруда жазылгандай И.Өмүркуловдун демилгеси менен И.Өмүркулов жана Т.Сариев менен жолугушат. И.Өмүркулов кеткенден кийин, Т.Сариев камалбай сыртта жүргөн Р.Отунбаеваны таап, Ак үйдү курчап турган элди токтото албаса да, бийлигин таштап качууга камынган Д.Усеновдун арызын алып калууга жетишет жана ошонун негизинде: «Бакиевдин бийлиги бүттү, бийлик Элдик Өкмөткө өттү» – деп жарыялашкан. Бирок Д.Усенов арызын Т.Сариевге же Р.Отунбаевага эмес, К.Бакиевге жазган.

Андан соң УКМКда кармалып турушкан Э.Каптагаев, К.Дүйшебаев, О.Текебаев, Б.Шерниязов ж.б. элдин жардамы менен чыгышкандан кийин Р.Отунбаеванын кабинетинде, БЭКтин аткаруу комитетинин базасында Элдик Өкмөт түзүлсүн, – деп чечим алышат. Бир жагынан чечим эң туура болгон. Анткени мезгил тез арада жаңы бийликти талап кылып жаткан. Экинчиден, 2010-жылдын 17-мартында БЭКтин аткаруу комитети XI элдик курултайдын чечими менен түзүлгөн. Р.Отунбаева ошондо аткаруу комитетинин төрайымы болуп шайланган. Элдик Өкмот БЭКтин аткаруу комитетинин базасында түзүлүп жаткандан кийин, Р.Отунбаеванын Элдик Өкмөткө төрайым болгону, аткаруу комитетинин башка мүчөлөрү Элдик Өкмөттүн мүчөсү болушу мыйзамченемдүү көрүнүш болчу.

Бирок БЭКтин мүчөсү болбогон Э.Ибраимова, К.Дүйшебаев, Т.Са­риев (башында БЭКке мүчө болуп кийин чыгып кетишкен), А.Эркебаев, С.Жээнбековдордун Элдик Өкмөттүн мүчөлүгүнө ким тарабынан сунушталып кирип кеткени мага түшүнүксүз бойдон калды. Ал түгүл мен, эмне үчүн А.Жекшенкуловду, Э.Булекбаевди, О.Нарбековду Убактылуу Өкмөткө киргизген жоксуңар? – деп Р.Отунбаевадан сурагам. Анткени алар БЭКтин саясий бюросунун мүчөлөрү болушкан. Көрсө, ал учурда деле өз ара жеке кызыкчылыктар, пикир келишпестиктер эске алынып кеткен экен. Ошондо да көрпендечилик болуп кетиптир.

Мындайча айтканда, аткаруу комитети XI элдик курултайда түзүлгөнү менен анын курамын Р.Отунбаева менен Э.Каптагаев өздөрү билип, же бирөөлөрдүн сунушу менен кошумчалап, толуктап жүргөн. Же ошол күнү Р.Отунбаеванын кабинетинде эле түзүлгөнү 2016-жылдын 25-августунда Р.Отунбаева мага 2010-жылы 7-апрелде анын ка­бинетинде «Элдик Өкмөт» түзүү жөнүндөгү алгачкы документти бергенден кийин түшүнүктүү болду. Бирок менде ушул күнгө чейин Бакиевдер сүйлөшүү үчүн Т.Сариевди тандаганы тууралуу суроо жоопсуз жүрөт. Анткени көп документтерде «Э.Сатыбалдиев Т.Сариевге чыгып сүйлөшкөн, Э.Сатыбалдиев ортомчу болгон» деген да такталбаган пикирлер бар. Бийлик Т.Сариевдин 2009-жылдын июнь айындагы Президенттик шайлоонун алдында БЭКке мүчөлүгүн токтотконун жакшы билчү. 7-апрелде өтчү жер-жерлердеги элдик курултайларга да анын тиешеси жок болчу. Аны да бийлик билчү, Сариев да ошондой көрсөтмө берген. Анын үстүнө аны аэропорттон кармап келип сурак кылганда: «Менин БЭКке тиешем жок» – деп берген көрсөтмөсү Бакиевге жеткирилген болуш керек эле. Бул суроолорго Т.Сариев, ага сүйлөшүүгө эгер Д.Усенов чыкса, ортомчу Э.Сатыбалдиев эртеби-кечпи өздөрү жооп айтышар деп калтырдым.

Бирок эң маанилүүсү эмне үчүн бийлик БЭКтин төрагасы, ошол кездеги бириккен оппозициянын лидери А.Атамбаевдин деле Биш­кек шардык ИИБнүн УКЖда кармалып жатканын билип, аны менен сүйлөшүүгө барышкан эмес? Эмне үчүн аны УКМКнын СИЗОсунан Бишкек ШИИБнүн УКЖна жалгыз алып келген? Ага ким ошондой буйрук берген? Эмне үчүн Р.Отунбаева аны күткөн жок? Же Убакты­луу Өкмөттү түзүп жатканда, өзүн анын төрайымы кылып жарыялап жатканда кара жумуш жасап жүрүшкөн, оорчулугун көтөрүп жаткан БЭКтин төрагасы бар, штабдын башчысы бар, Аксыда Т.Тургуналиев, Таласта О.Нарбеков жүрөт, камактагы И.Исаков, Э.Булекбаев, А.Жекшенкуловдор баары чогулсун, анан чечели деген жок? Чындыгында 7-апрелдеги жер-жерлердеги элдик курултайларды уюштурууда аткаруу комитети эмес, түздөн-түз Атамбаев экөөбүз көп маселени тар чөйрөдө чечип, уюштуруп келген элек, аны Отунбаева, Каптагаев, Текебаев да жакшы билишкен. Ошол үчүн жогоруда «эгерде революция Бакиевдерди жеңе албай калганда Атамбаев экөөбүз эң чоң жазаны алат элек» дегеним ошондон улам айтылган. Сариев, Дүйшебаев, Эркебаев, Ибраимова, С.Жээнбековдор деги эле тиешеси жок адамдай, көп болсо күбө катары суралып калышмак.

Ал эми И.Өмүркуловдун айтуусунда Убактылуу Өкмөттүн түзүлүшү мындай болуптур: « …2010-жылдын б-апрелинен 7-апрелге караган түнү дээрлик БЭКтин лидерлери Бишкектен, Оштон, Таластан кармалып УКМКга суракка алынып келинет. Аларга кошуп К.Дүйшебаев, Э.Ибраимова, Т.Сариевдер да УКМКда сурак берип жүрүшкөн. Т.Сариевди сурап бүткөндөн кийин: «Кете бер» – деп коё беришкен, бирок Сариев сырттагы окуяларды көрүп кеткиси келбедиби, айтор, кетпей коридордо галстукчан ары-бери басып жүргөн. Болжол менен саат 12ден кийин тергөөчүлөр деле кармап келгендерди сурап бүткөндөн кийин же коё берише албай, же камап коё албай, «жогортон» команда күтүп олтуруп калган. Болжол менен саат 14төн кийин И.Өмүркулов тергөөчүлөргө: «Коё бербейсиңерби?» дегенде, алар: «Жогоркулар чечет» – дешет. Ал: – Суталиновго киргизгиле – дейт. Суталинов жок болгонуна байланыштуу анын биринчи орун басарына жолуктурушат.

Ошондон кийин И.Өмүркулов Т.Сариевдин телефону менен Э.Сатыбалдиевге чыгат да, бизди коё бербейсиңерби? – дейт. Э.Сатыбалдиев макул болуп, Өмүркуловду Ак үйгө чакырат. Ошол учурда кармалып келинген Чотонов, Сариев, Ибраимова ж.б. тергөөчүлөрдүн кабинеттеринен чыгып, коридордо эле басып жүрүшкөн болот. Сариев Өмүркулов менен Ак үйгө келишет. Ак үйдүн биринчи кабатында жүргөн Д.Усеновго жолугушат. Андан соң Усеновдун кабинетине көтөрүлүп, И.Өмүркулов Усеновдон: «Элди атканды токтоткула» – деп тал ап кылат. Сариев Усеновго «коалициялык Элдик Өкмөт түзүүнү» сунуштайт. И.Өмүркулов: «Кайсы Өкмөттү айтып жатасыңар, элди атканды токтоткула, оппозициянын лидерлерин токтоосуз бошоткула» – дейт. Ошол учурда эл УКМКга чабуул жасап жатканын угуп, Өмүркулов ал жакка кетет. Ал жакка барганда Текебаев, Шерниязовдор УКМКдан чыгып келе жатканын көрүп, Атамбаевди чыгаруу үчүн Бишкек шаардык ИИБнүн УКЖна келет. Ал келгенде Атамбаев да чыгып келе жаткан болот. Өмүркулов Атамбаевди машинасына салып үйүнө жеткирет. Элдик Өкмөт түзүлдү деп Сариев, Отунбаева экөө качан жарыялаганын ал билген эмес. Ал Отунбаеваны ал күнү көргөн да эмес. Бирок ал Ак үйдөн чыгып баратканда Сариев Усеновдун кабинетинде калган жана Элдик Өкмөт түзүү жөнүндө айтып жатканын уккам дейт. Ошондо кетип жаткан Усеновдон арыз жаздырып алышып, анан бийлик бизге өттү деп жарыялашы мүмкүн, мен аларды ошол бойдон кечинде «Медиа-Форумда» топтолгонубузда көрдүм, ал жерде мага Бишкек Мэриясын сунушташты» – дейт Иса Өмүркулов.

И.Өмүркуловдун айткандары чындыкка дал келет. Анткени 1-до­кумент Элдик Өкмөт деп, Сариев айткандай болуп жатпайбы. Бакиев, Усеновдордун бийлиги түгөнүп баратканын сезген Сариев ушул учурдан пайдаланып, оппозицияга кирип, бийликке келүүнү көздөгөн. Ушунча кан төгүлгөндөн кийин «коалициялык Элдик Өкмөтү» ишке ашпашына көзү жеткен Сариев БЭКтин лидерлери менен бирдикте гана бийликке келерин түшүнүп, БЭКтин лидери А.Атамбаев экөөнүн 2009-жылкы Президенттик шайлоодон кийинки «салкын мамилесин» эстеп, ал БЭКтин аткаруу комитетинин төрайымы, бекинип бош жүргөн Р.Отунбаевага чыгып, аны Убактылуу Өкмөттүн төрайымы болуңуз деп айтышы мүмкүн. Албетте, муну Текебаев, Каптагаев ж.б. колдоп кетишкен болуу керек. Убактылуу Өкмөттү БЭКтин эмес, анын аткаруу комитетинин базасында түзөлү деп Сариев, Дүйшебаев, Жээнбеков, Ибраимоваларды, БЭКтен чыгып кеткен же мүчө эместерди аткаруу комитетине киргизе коюшкан сыяктуу.

Ал эми Ө.Текебаевдин айтымында, А.Атамбаев камактан чыккандан кийин үйүнө кетип калган жана телефондорун өчүрүп салган. Ошол кездеги кырдаалды эске алый, Р.Отунбаеваны башчы кылып, Элдик Өкмөт түзүшкөн.

7-апрелдеги окуяга тиешеси бар БЭКтин саясий бюросунун мүчөлөрү Бакиевдик режим менен күрөштө келишпес, туруктуу позиция кармашкан Исаков, Булекбаевдер түрмөдө, Жекшенкулов үй камагында, сакалын сүйрөп 5-апрелден тартып эл арасында Таласта жүргөн О.Нарбеков, Аксыда жүргөн Т.Тургуналиевдер – Сариев, Дүйшебаев, Ибраимоваларга караганда «чийинден» сыртта калып, Э.Байсаловго окшогондордон кагуу да угушпадыбы.

Бул суроолорго дагы жоопту Убактылуу Өкмөттү шашып жарыялап, анын курамын «комплекттеп» жиберишкен «шамдагайлардын» өздөрүнөн угууну каалар элем. Дал ушул суроолордун жообун уккусу келген БЭКтин лидери А.Атамбаев 7-апрелден тартып мага таарынып, оолактап жүрдү. Андан кийин 11-апрелдеги Таластагы курултай, эл­дик губернатор шайлоо, К.Курманалиеванын элдик губернатор болу­шу, анан экөөбүздүн түштүктүн бажы башчысы Матраимов жөнүндөгү телефондогу сүйлөшүүбүздүн ачыкка чыгышы, Атамбаевдин «Вечерный Бишкек» гезитинин редакциясында жекшемби – дем алыш күнү журналисттерди топтоп пресс-конференция уюштуруп: «Мына, Бекна­заров прокурорлору менен Ысык-Көлдө Бакиевдердин пансионаттарына рейдерлик кылып жүрөт» дегендей айткан каралоолору, ал эми май айында болсо, тергөөчүлөр кылмыш ишинин алкагында соттун санкциясы менен, Улуттук банктын өкүлүнүн катышуусунда айрым банктык жеке ячейкалардан «Бакиевдердики» деп шектелип ачылып алынган жана Башкы прокуратурада сакталып турган акча каражаттарын Каржы министрлигинин балансына которуп, аны кайра Убактылуу Өкмөттүн чечими менен өлкөдөгү коопсуздукту, саясий, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, коомдук коопсуздуктун алдын алуу максаттарда жумшоого байланыштуу Сариев экөөбүздүн телефондук сүйлөшүүбүздү ачыкка чыгарып, бизди «ячейкаларды уурдап жатат» дегендей айтуулары, айрыкча өткөөл мезгилдин Президенти катары Р. Отунбаева аныкталгандан кийин, башка да негизсиз айыптоолору күндөн-күнгө көбөйүп акыры аны менен «эркекче», «жекеме-жеке» досторчо сүйлөшүүгө туура келди.

Мен ага бир жолу кирип: – Алмаз досум, эмне болуп жатасың, менде эмне таарынычың бар, өзүңдөн өзүң туура келеби-келбейби, айтор, Бакиевдерди унутуп, номер 1 душманың мен болуп баратам, ачык айт, эмне таарынычың бар, мага акча бергемин деп элге барганда, телевизордон да айтып жүрөсүң, канча карызмын айт, аны өзүмө айтпайсыңбы? – дедим.

Ал дагы мага атырылып: – «Менин акчама бардык иштерди жасап, силер «саруулар» мени пайдаланып кеттиңер, апичеңе аткаруу комитетин алдын ала атайылап түзгөн экенсиң, мына билинди, Шерниязов экөөң саруу (жаман сөздү айтып) кызыңарды губернатор кылдыңар! Бизди «сатып» Бакиевдерге өтүп кеткен Сариев экөөң акчаларды бөлүп, маселе чечип, мен билдим сенин арам оюңду, мени, менин акчамды каалагандай пайдаланган экенсиңер. Эми мындан кийин андай саясатыңар өтпөйт, балаң, келиниң экөө чет өлкөгө качып жатканда акча албадың беле? Азыр угуп жатам, байып кетипсиң» – деп ж.б. сөздөрдү айтып кыйкырды. Мен анын сөздөрү өтө заар экенин Жалал-Абадда Ж.Жээнбековду сөгүп жатканда уккан элем.

Мен ага: – Алмаз, Убактылуу Өкмөттү өзүңөр – КСДПчылар мен жокто чечипсиңер го, мен келгенде, менин эмне иш аткарарымы өзүң айтпадыңбы. Отунбаеваны ошондо мага чейин эле шайлап алган экенсиңер го, – дедим. Ал мага: «Каякта ошондо шайладык, мен түрмөдөн чыккыча эжең өзүн өзү Элдик Өкмөттүн башчысы катары Сариев экөө жарыялап коюптур, ошол үчүн мен түз үйгө кеттим. Революция үчүн эжең эмне иш кылды? Аны мен депутат кылдым, болбосо эч нерсеге жарабай жүрмөк, фракциянын жетекчиси кылдым, силерге «сарууларга» жакшылык жок экен» – дегенде, мен ага: – Болду Алмаз, урууга, көзү жок адамдарга асылбай мага сүйлө, – деп, андан да катуу кетишип, «эркектерче» сүйлөшүп алдык.

Көрсө, Убактылуу Өкмөттүн төрагасы болбой калганына, Таласта губернатор КСДП партиясынан шайлай албай калганына, Өткөөл мезгилдин Президенти катары Р.Отунбаеванын аныкталышын, Р.Отунбаева, Б.Шерниязов, Т.Тургуналиев саруулар туугандарча, И.Исаков, Д.Чотонов саруунун күйөө балдарын кошуп жана башка ага жакпаган «арам» ойлорун же ал толук укпай калган маселелерди – булар саруулар биригип алып, тымызын Текебаевдин, Сариевдин колдоолору менен, ага каршы саясат жүргүзүп жатат, – деп ойлоп жүрүптүр.

Мен ага: – Алмаз, сен айткан көп маселелер менин да ичимде жүрөт, бирок өлкө үчүн, ынтымак, биримдик үчүн элге уят болбойлу деп мен деле унчукпай жүрөм. Биздин максат кызматка жетүү эмес да, элдик кыймылдын оор жүгүн Атамбаев көтөрүп жүрдү деп, мен дайыма айтып келатам, дагы айтам, бул абсолюттук чындык. Сен өткөөл мезгилдин Президенти болбосоң, кудаа кааласа, биз чогуу курабыз деп жаткан жаңы системалуу Кыргызстандын Президенти болосуң, мен да эми түшүндүм, сен баарын менден көрүп жүрүпсүң, а мен болсо баарын КСДПлар өздөрү партиясында чечип жатышат деп ойлогом. Ошентип экөөбүз 2010-жылдын май айынын аягында жарашымыш, бири-бирибизди түшүнгөндөй болдук. Бирок бул жарашуу ошол эле жерде калды. 2010-жылдын май-июнундагы түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдар Атамбаев экөөбүздүн келишпестигибизди дагы ырбатты…

Мен Атамбаев экөөбүздүн ортобуздагы мамиленин салкындашын эмне себептен айттым, себеби Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү кайдан, кимдин сунушу менен киргени, же БЭКтин аткаруу комитетинин мүчөлөрү деген адамдар качан, кантип түзүлгөнү, Сариевдин УКМКдан Д.Усеновго келип, тез эле Отунбаеваны таап, экөө: «Элдик Өкмөт түзүлдү» -деп жарыялап жибергени, ал эми бириккен оппозициянын лидери Атамбаев ошол эле Сариевдей кармалып олтурса да бийлик аны менен сүйлөшпөгөнү мага көп суроолорду жаратып келген. Бирок ага карабай Атамбаев, БЭКтин башка лидерлери ошол кездеги оор мезгилде буларды билмексенге салып, майдаланбай, териштирип олтурбай, ар кимиси өзүнө жүктөлгөн улуу милдеттери менен алектенип, туура кылышкан деп ойлоймун.

Ал эми Атамбаевдин мага таарынганы бир жагы жакын «досум» деп, экинчи жагы, 7-апрелдеги жер-жерлердеги элдик курултайларды жарым жашыруун түрдө экөөбүз уюштуруп жаткандыгыбыздан, үчүнчүдөн, элдик курултайлардын бүт чыгашасын мени менен кеңешип, мен аркылуу, жалгыз өзү көтөрүп жаткан адам катары, төртүнчүдөн, бириккен оппозициянын бирден бир лидери катары Убактылуу Өкмөт жаңы түзүлүп жатканда четте калганы үчүн (төрага болбогону үчүн) таарынганга саясий жактан, моралдык жактан да, адам катары да укугу бар эле. Бирок ал аны менден башкага билдирбей чоң эрдик кылды. Күнөөнүн баарын мага гана жүктөп, колунан келишинче 6 жыл бою менден өчүн алды… Болгону кийин 2016-жылдын 31-августунда баары бир жарылды…

Уландысы бар

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: