Эл аралык валюта фонду 2016-жылдын жыйынтыгы менен реалдуу ички дүң өнүмдүн өсүшү 2,6% түзөт деп күтүп жатат. Буга чейин ЭВФ эксперттери экономиканын болжолду өсүшү 2% тегерегинде болот деп баалашкан.
Алтынды эсепке албаганда реалдуу өсүш 2,4 пайызды түзөт. Ички дүң өнүмдүн номиналдуу көлөмү быйыл 452 миллиард сомго жетет. Инфляция өткөн жылдын декабрь айына карата 2,4% деңгээлинде болот.
ЭВФ таңкыстыкты азайтып, мамлекеттик карыздын өсүшүн жогорулатпоо үчүн бюджетти консолидация кылуу зарылдыгын эскерткен.
Фонддун экономикалык өнүгүүгө көз жүгүрткөн байкоосунда салык кирешелерин көбөйтүү, приоритеттүү болбогон чыгымдарды оптималдаштыруу жана мамлекеттик инвестицияларды башкарууну жакшыртуу буфердик резервдерди калыбына келтирүүгө, карыз алууну азайтууга өбөлгө түзөөрү белгиленген.
Каржы министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Кыргызстандын тышкы карызы учурда 3 миллиард 764 миллион долларды түзөт. 2010-жылдын аягында Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 602 миллион АКШ доллары болчу. Андан берки алты жылда тышкы карыздын өлчөмү 1 миллиарддан ашуун долларга көбөйдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ