Menu

Тажикстанда милицияга арыктоо талабы коюлду

Бөлүшүү:

Тажикстандын Ички иштер министрлиги кызматкерлеринен ашыкча салмактан арылып, сырткы көрүнүшүнө кам көрүүнү талап кылды.

Тажик ИИМнин маалымдашы боюнча, саламаттык жана чымыр дене милицияда иштөөнүн негизги талаптары.

Гисар райондук ИИБда иштеген Саидахмат Исмаиловдун айтымында, милиция кызматкерлери бул боюнча атайын аттестациядан өтүшөт. Мындай маалымат бир ай мурун ички иштер бөлүмдөрүнө жиберилген. Талаптарга ылайык, милиция кызматкеринин боюнун узундугу 168-170 сантиметр айланасында болсо, салмагы 75 килограммдан ашпоосу тийиш.

Бою кыска, курсактуу кызматкерлерге кызматтан бош убакытта спорт менен машыгуу, стадионго барып чуркоо сунуш кылынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: