Menu

Сирияда эвакуация учурунда бир нече автобус жардырууга туш болду

Бөлүшүү:

Жекшембиде Алеппонун чыгышындагы жана бир канча айылдагы жашоочуларды көчүрүү жараяны башталганы менен кайрадан үзгүлтүккө учурады. Белгисиз бирөөлөр жарадарларды ташып бараткан бир катар автобусту жардырып жиберишти. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзгөн борбор билдирди.

Дамаск бул окуя үчүн куралдуу оппозицияны күнөөлөөдө. Көтөрүлүшчүлөр айыптарды четке кагып, жардыруу чагым болушу мүмкүн экенин айтышууда. Укук коргоочулар маалымдагандай, эвакуация кайрадан убактылуу токтоду.

Жай тургундарды жана куралын таштаган көтөрүлүшчүлөрдү көчүрүү 15-декабрда башталган. Ага чейин өкмөттүк күчтөр Алеппону көзөмөлдөөнү калыбына келтиришкен болчу. Эвакуация андан бери бир нече сапар үзгүлтүккө учурады. Жаатташкан тараптар бири-бирин макулдашууларды бузду деп айыпташууда. Ар кыл маалыматтар боюнча 15 миңден 40 миңге чейинки Алеппонун жашоочулары эвакуацияны күтүп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: