Menu

Түркияда Кайсеридеги жардырууга шектелип 7 киши кармалды

Бөлүшүү:

Түркияда Кайсери шаарындагы ишемби күнкү жардырууну уюштурган деген шек менен жети киши кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди.

Жардыргыч зат салынган унаа аскер кызматкерлери отурган автобусту сүзүп жарылган. Жеңил унаа жанкечтинин башкаруусунда болгон. Жарылуунун жыйынтыгында 13 киши мерт кетип, дагы 50гө жакыны жаркаттарды алышкан.

Азырынча теракт үчүн бир дагы уюм жоопкерчилик ала элек, бирок Түркия бийлиги жардырууну «Күрт жумушчулар партиясы» уюштурган болушу мүмкүн деп шек саноодо.

Бир жума мурда Стамбулдагы кош жардыруудан 40тан ашык адам каза болгон. Алар үчүн жоопкерчиликти күрт жикчилдерине байланышы бар радикалдуу аскерлешкен топ алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: