Menu

Баркы жок жетекчи, акча уурдаган Б. Эрмековду ким колдойт?

Бөлүшүү:

“Отко салсан күйбөгөн, сууга салсан чөкпөгөн” Жалал-Абад областтык токой чарбасын башчысы Бакыт Эрмековдун кылмыш иштерин Жалал-Абад областтык куч органы канчалык жааап-жашырса дагы мезгил – мезгили менен көпчүлүккө ашкере болуп, ачыкка чыгып келе жатат.

Ооба токой чарба адистердин арасынан  Б.Эрмеков чабал жетекчи катарында бааланат, бирок, коррупциялык ишти натыйжалуу өздөштүрүп, жеке байлыгын марытып, бир далай акча жыйнап алууга жетишти. Кылмышын жашырууну көздөп, айла-амал менен өзгөчө Жалал-Абад областтык куч органын “сатып” алууга жетишти, арийне, текшерип, териштире келсе, далилдеп беребиз. Үч жылдан бери укук коргоочу Анарбай Орозов жана эмгек ардагерлери менен бирге Бакыт Эрмековдун кылмыш иш-аракеттерине каршы далилдүү материалды күч органдарына көп жолу берип келген. Бийликке жана коомго ачык жеткириш үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына бир нече жолу чагылдырдык. Ошентсе да, саткынчы терг прокуртатуранын айынан натыйжа чыкпай келет.

Эрмеков күч органы менен жең ичинен келишип алып А,Орозовду каматканга дагы жетишти. Далилдүү фактыны качанкыга чейин күч органы жаап-жашырганга жетишери белгисиз. Ал эми элдин үмүтү үзүлбөй чындык чыгып калабы деп арыз жазганы жазган. Ошондой болсо да, Б.Эрмеков кылмыш иштерин жаап-жашырып, кайра өчөшкөнсүп, уурулугун улантууда. Ал залимдүү кылмышты жашырганы менен бир кезде тарыхтагы фактылар кайрадан калкып чыгарын унутпаса. Б.Эрмековду колдоп жүргөн мурунку Токой чарбаны коргогон агенттиктин башчысы С.Атаджановдун убагында 2016-жылддын 19-февралындагы кадрдык көчмө жыйындын жыйынтыгы тууралуу айта кетсек, ошондо эле Б.Эрмековду кызматтан кетирип, ишин прокуратурага өткөрүү кажет болчу. Жалал-Абад аймактык  кайсы?                      башкармалыгынын, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменттин өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун ишин 2015-2016-жылдын февралында карап чыгышкан. Аймактык токой чарбалардын жетекчилери укуктук-ченемдик милдеттемелерин аткарбагандыгы үчүн токой коргоо кызматкерлеринин иштерин кайдыгер карап, жетиштүү деңгээлде уюштура албагандыгы үчүн комиссия текшерүү убагында тапкан. Мамлекеттик токой фондусунун жеринде 2013 жана 2015-жылдары айдаган уруктардан максаттуу көлөмдөгү көчөт алынган эмес, милдеттүү тапшырма толук кандуу аткарылган жок. Жаңгак, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өнүктүрүү программасын толугу менен аткарган эмес. Областка караштуу токой чарбанын директорлору  К.Жумаев, А.Мырзабеков, К.Пиназаров, К.Назаров, Д.Тагайбек уулу, Н.Жолдошевке КРнын 146-Эмгек кодексине ылайык, сөгүш берилген. Ошондой эле, токой чарбанын башчыларына  М.Эрбаев, У.Абдшаримов, З.Батырбеков, Ч.Маметкуловко, КРнын Эмгек Кодексинин 146-ст ылайык эскертүү берилген. Жогорудагы тапшырманы аткарбаган үчүн токой башчыларга Б.Жаныбаев, С.Эсенканов, А.Арзыкулов, Анарбай уулу Элмирди ээлеген кызмат орду каралсын деген чечим чыккан. Бир жана үч жылдык токой өсүмдүктөрүн камсыз кылбаган, аарычылардан арендасына 10 кг бал төкпөгөн,  өздүк малдын төлүн жаап жашырган үчүн директор К. Токтоназаровко сөгүш берилген. Чөйрөнү курчап, коргоодо токой чарбанын өзгөчө баалуу бактарын кыюуга мыйзамсыз уруксат берген үчүн директор Орманалиев, И Кутмановдун ээлеген кызматын каралсын. Жалал-Абад областык токой чарбаны толугу менен милдеттемелерди аткарбагандыгы үчүн, Жангак өнүктүрүү иш-чара программаларын сапатсыз алып баргандыгы, Өкмөттүн берген суроосуна жооп бере албаган үчүн Жалал-Абад областык жетекчиси Бакыт Эрмековко катуу сөгүш жарыяланган. Республикалык бюджеттин социалдык төлөмдөрүнө 126,1мин сом дебитордук карызды түзгөн үчүн Y.Матмырзаева, 466,4 карыз кылган М. Исманов, 322,7 А. Молдоисаева, 205,2 Ж. Уркунбаев,  атайын каражаттан айлык акыга кредитордук карыздардын түзүлүшүнө жол бергендиги үчүн сөгүш берилсин – деген буйрук чыгат, албетте, муну окуган адам тан калып, жакасын кармабай койбойт. Ушундай чабал жетекчи Б.Эрмеков областтын Токой чарбаны толугу менен талкалап, жаратылышка жыркычтык мамиледе иш алпарганы үчүн түз эле кылмыш ишин козгобой кайра областын токой чарбасын башкартып койгону эмнеси, бул бийликтин макоолугубу же “отметкага” алып коюшканбы? – деген суроо туулат.

Үстүбүздөгү 2016-жылдын 19-февралындагы көчмө жыйындын натыйжасын Б.Эрмеков эске алып, ишти мыйзамдуу алып барса, адам ыраазы болоор эле. Б.Эрмековдун “аппетити” ачылып  бир жылдан бери көзөмөлсүз күнүнө 15 – 20 тоннадан мунай (“нефть”) алып жүргөнү жакында белгилүү болду. 2013-жылы “Кыргызнефтегаз” менен келишим түзүлүп, “восточный избаскент”  “Избаскент”,  “Чангыр Таш”,  “Чирирчик” мунай майы чыккан кенди жаңы скважина жана эски скважиналарды оңдогонго келишим түзгөн. Бирок, бул кен жайгашкан жерде,  баалуу, чанда кезиктирүүчү жер-жемиш бактары жайгашкан жерге, мамлекеттин атайын уруксаты менен иш алып баруга тийиш болчу. Б.Эрмеков өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, бир жылдан бери көзөмөлсүз мунайды алып, пайдасын өзү көрүп жүргөндүгү үчүн жакында Жалал-Абад областтык АКС кылмыш ишин козгоду. Жалал-Абад прокуратурага бул Эрмековдун кылмышы эбактан бери эле белгилүү болуп келе жатат, бирок, бүгүнкү күнгө чейин Б.Эрмековду коргоп келүүдө. Чындап келгенде прокуратуранын алган “отметкасын”  жөн койбогон А.Орозовдун Б.Эрмековко каршы далилдүү материалдарды алып барган үчүн көзүн тазалоого аракет кылып жатышат. Себеби Б. Эрмеков менен прокуратура чогуу кылган уурулуктары ачыкка чыгып калышат дешет шекилдүү. Орозовду куугунтук кылганы Жалал-Абад прокуратурасына аброй алып келбейт. Анткени, Б.Эрмековдун кылмышы оркоюп көрүнүп турат, ал чарбаны түп-тамыры менен талкалады, ал эми ага колдоо көргөзгөн республикалык Токойду коргоо агенттиги эмнеге ушу убакытка чейин чара көргөн жок? Же Өкмөт ушундай көзөмөлсүз акча тапкандарга жөлөк көргөзө береби?

Качкын Булатов,

Булак: “Кабар”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: