Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев төрт акимдин жумуштан кетишинин себептерин түшүндүрдү. Өткөн аптада өлкө башчы Ташкент, Сырдарыя, Сурхандарыя жана Бухара облустарынын башчыларын иштен четтеткен. Президенттин Фейсбук баракчасындагы маалыматына караганда, эки күн ичинде төрт аким жумуштан алынган. Себеби аткаминерлер виртуалдуу кабылдамага түшкөн кайрылуулар боюнча жакшы иштешкен эмес.
Мирзиёев “Физикалык жана юридикалык жактардын кайрылуулары жөнүндө” мыйзамды так аткарбаган жетекчилерди административдик гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин билдирген.
Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев менен премьер-министр Абдулла Арипов кызматка расмий киришери менен өзбек өкмөтүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ