Menu

Казакстанда бир сутка социалдык түйүндөр иштебей калды

Бөлүшүү:

Казакстанда бир суткадан кийин Youtube, Instagram, Google, Вконтакте жана Facebook сыяктуу популярдуу интернет-ресурстар иштеп баштады. 16-декабрь күнү кечинде аталган сервистерге компьютер жана мобилдик жабдуулар аркылуу кирүү мүмкүн болбой калган. Мүчүлүштүктөр өлкөнүн ар кыл аймактарында байкалган.

Казакстанда маал-маалы менен айрым сайттарга жана социалдык медиага кирүүдө маселелер жаралып турат. Өлкөдөгү жалгыз улуттук телекоммуникациялык провайдер мындай үзгүлтүккө учуроону техникалык себептер менен байланыштырган.

16-декабрда Казакстанда көз карандысыздык күнү майрамдалган жана Жаңы-Өзөн кыргынынын беш жылдыгы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: