Menu

Осмоналиев Каныбек, профессор: “Кыргызстанда билим берүү жана илим саясаты коркунучтуу кырдаалга кептелди!”

Бөлүшүү:

Өлкөнү башкаруу оюнчук эмес. Ал мураска калган белек же мүлк болуп эсептелбейт.  Биздин Кыргыз Республикасы көз карандысыз, демокра-тиялык, укуктук, светтик, унитардык, социалдык  мамлекет. Сөз эркиндиги, адам укугу, дин ишеними ж.б. фундаменталдык болуп калган түшүнүктөр, адам баласынын ажырагыс менчиги жана алар Кыргыз Республикасынын Конституциясы аркылуу корголот. Бирок, ошол ыйык түшүнүктөр эгемен Кыргызстан жылдарында так жана даана аткарылып келе жатабы? Эки президентибиз тентип, качып, үчүнчүсү легитимдүү эмес делинип, эң жогорку инстанция аркылуу  бүткүл дүйнө элине жар салынып, баа берилип кетти.

Кечээги элдик референдум Конституциябызга оңдоо жана түзөтүү киргизүүнүн сегизинчиси болду. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде  бул абсолюттук рекорд!  Кээ бир КМШ боюнча өнөктөштөрүбүздө бир дагы конституциялык референдум болбогондору бар экен.  Алардын экономикалык жана социалдык деңгээли Кыргызстандан кеминде он эсе жогору экендигин көрүп жүрөбүз. Эми эмне дейли. Референдум болду. Тиешелүү жыйынтыктар чыгып жатат. Анча-мынча эйфорияга дагы берилип кеттик. Буюрсун. Официалдуу бийликтин билдирүүлөрү боюнча  аталган плебисцит өтө таза өтүптүр. Макул бололу. Суроо туулат: “Мындан аркы жашообуз кандай болот”? Эч бир саясаты жана эмоциясы жок эле кеп кылалычы! Мен азыркы бийликке тийишпейм. Себебин деле көрбөй турам. Кыйын кезеңде элдин тагдырына жооп берүүгө бел байлап  жаткан аракеттерине “бали” демекчимин. Элге тынчтык, өкүмдарларга нысап каалаймын.

Бирок, жүрөгүм ооруган бир нерсе дайыма мени “эзип” келүүдө. Ал мамлекетибиздин билим берүү жана илим саясаты. Тактап айтканда, анын бүгүнкү күндөгү абалы. Култуңдатпай, дароо эле айтып койгум келет:  “Өл-көбүздүн билим берүү  жана илим системасы кыйрап калды”! Физикада, орусча айтканда, “обратимые и необратимые процессы” деген түшүнүктөр бар. Кыргызчалатып, “кайра калыбына келүүчү жана келе албоочу” дегендей түшүнүп жүрөбүз. Термодинамикалык системанын тагдыры чечилет. Ушул фундаменталдуу терминди пайдалансак, биздин билим берүү жана илим тармагы ошол кайра калыбына келе албай турган процесстин коркунуч-туу босогосуна келип калды! Физик катары оюмду дагы улантсам, ар бир туюк системада анын энтропиясын өстүрүп жибере турган жагымсыз про-цесстер орун ала берет. Энтропия – бул грек сөзүнөн бурулуу, айлануу деп которулуп, физиктер аны энергияны кайра калыбына келтирбей чачыра-тып жиберүү чени катары түшүнүшөт. Ушундай илимий терминди колдонсок, Кыргызстандын илими менен билим системасынын энтропиясы критикалык абалга өтө баштады. Анткени,  акыркы 25 жылдан бери, Жаңы Кыргызстандын бардык бийлиги аталган тармакты жабык, туюк жана өзүнүн менчиги катары пайдаланып келди. Билим берүү системасынын эң негизги кыймылдаткыч күчү болгон  мектеп мугалимдери  менен  башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын окутуучулары бийликтин эрки менен гана жашай турган куралга айланышты. Эң өкүнүчтүүсү мындай көрүнүш жылдан – жылга күчөп келет. Мен өзүм кандай кызматта болбойун, дайыма студенттерге  кошумча сабак берип жүргөн кишимин. Бир жолу дагы ал системадан алыс кеткен эмесмин. Министр (9 ай) кезде дагы ЖОЖдо лекция окугамын.  Демек, хронологиялык салыштырууга кудуретим жетет.

Байкап көрсөм, бардык билим берүү мекемелериинде акча жасоо “түйшүктөрү” орун алды, азыркы күндө. Алар бизнес борборлоруна айланган. Жергиликтүү бийликтен баштап, борбордук бийликтердин бардыгы тарабынан колго алынган же тескерисинче, официалдуу бийлик аларды басып алган.  Мугалимдин эрки жок. Коркок жана жалтайлама. Анткени, анын тагдыры көпчүлүк жерлерде чала сабат, наадан, шылуун жана бийликке жакын же алар менен “келишим” түзүп алган  мектеп башчыларынын  колунда! Негизги кыймылдаткыч күч-бул акча, акча жана акча! Мугалимдин орточо айлыгы жөнүндө айтпай эле койолу. Уят.  Убагында ЖКнын трибунасынан “көк папканы” көтөрүп айтып, безилдегемин. Жыйынтыгын мени тааныган адамдар жакшы билишет. Азыркы мугалим, тарбиячы жана окутуучу эмне кылаар айласын таппай мүңкүрөп турат!  Эртеби, кечпи бары бир жарылат! Жаштардын күтүлүп жаткан бунттары жөнүндө сөздөр күчөдү. Энтропия критикалык абалга келди!

Мектептерге Батыштын биздерге адаптацияланбаган программалары таңууланып келет. Аларды механикалык түрдө кабыл алып, аны ишке ашыруу үчүн сарамжалсыз карыздарды алып келебиз. Натыйжа жок. Окуу китептерибиз менен окуу куралдардын пайдалуу аракет коэффициенти эң төмөн.  Кесипкөй мугалимдин кадыры түшүп, билим берүү боюнча шылуундукту жакшы өздөштүргөндөрдүн заманы келди. ЖОЖдордо мындан дагы начар. Алар жөнүндө жакында өзүнчө сөз кылам.

Мен мүнөзүм боюнча радикалдык көз карашта эмесмин. Бирок, абал ушундай! Мага асылуулар дагы да  болоор.  “Айткандын оозу жаман, ый-лагандын көзү жаман болот”,- адаттагыдай эле. Бирок, мындан ары чыдоо мүмкүн эмес! Эч кандай зордук-зомбулугу жок эле бардык прогрессивдүү көз караштагы күчтөр өкмөт менен бирдикте маселени жөнгө салуубуз керек.  Күн тартибинде Кыргызстандын келечеги болгон жаштарыбыздын тагдыры турат! Жогорудагыдай  жагымсыз процессти токтотууга мүмкүн болбой калбасын.  Демек, аны утурлап чыгып, башкарып, жөнгө салуу ар би-рибиздин милдетибиз болуу керек.

Эми илим маселесине келсек. Кыргызстандын башкаруучулары акыркы 25 жыл ичи илимди кароосуз таштап койду.  Ооба, илим жана инновация өзүн толук каржылоо абалында иштесе жакшы болмок.  Бирок, анын негизги оюнчусу өкмөт болуусу керек. Анын экономиканын приоритеттерине  шайкеш келген мамлекеттик багыттары аныкталып, анан Улуттук Илимдер Академиясына жана университететтерге максаттуу буйрутмалар берилиши абзел.  Анын аткарылышына катуу мамлекеттик көзөмөлдөр болуусу зарыл. Бизде кандай болуп жатат?  Бюджеттен бөлүнгөн жарыбаган каражат (болжол менен ички дүң продукциянын 0,06%ы) тааныш-билиш жолу менен жең ичинен бөлүнүп, таланып-тонолуп келүүдө.  Өзүбүздүн илим системасына өзүбүз душмандык иштерди жүргүзүүдөбүз. 2014 жылы парламентте тытышып жүрүп, Илим жана инновация фондун түзүүнү өкмөткө милдеттендирдик эле.  Аны бир нече азамат чампалап туруп, Билим берүү министрлигинин алдында түзө салып, өзүлөрү басып жатып алышты.  Мурдагыдай эле формалдуу көрүнүш:  мамлекет илимге акча беримиш болуп жатат, ал эми окумуштулар иштемиш болуп жатышат. Натыйжасын ойлогон бир адам жок.  Илимий даражалар менен илимий наамдар тынымсыз берилүүдө. Илим менен инновациянын жемиши жок!

Ошондуктан, менин конкреттүү сунушум бар. Өкмөттүн алдында кесиптик шайкештеги вице-премьер башында турган атайын өкмөттүк комиссиянын, же кеңештин түзүлүшү тез аранын ичинде чечилүүсү зарыл. Ал түзүмгө кесипкөй эксперт-талдоочулар кирип, билим берүү жана илим системасынын көйгөй маселелери чечилсин жана өкмөттүн иш-чара планына кийирилсин. Комиссиянын же кеңештин негизги иши өлкөнүн билим берүү жана илим саясатын сактап калуу багытында гана болуусу максатка ылайыктуу болот эле.

 Профессор,  Каныбек Осмоналиев

19.12.2016ж.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: