Кечээ, 19-декабрдын кечинде Анкара шаарында Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов “Россия түрктөрдүн көзү менен” аттуу сүрөт көргөзмөсүн ачып жатканда артынан азырынча ким экени белгисиз адам кол салып, атып өлтүргөн. Ал адам мурун полицияда иштегени айтылууда. Кол салуу учурунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов да Андрей Карловдон анча алыс эмес турган, кудай жалгап кыргыз элчисинин башы аман калган. Ошол эле учурда ал жердеги 3 адам жаракат алганы дайын болду.
Видео: Россия 24
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ