Menu

Жалал-Абадда “Кан тапшыр, өмүр тартуула” аттуу жөө жүрүш өтөт

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы саламаттыкты сактоо тармагында дагы бир жөө жүрүш уюштурулганы жатат. Бул жолкусунда областтык Кан борбору менен шаардагы Медициналык колледж “Кан тапшыр, өмүр тартуула” аттуу коомчулуктун жөө жүрүшүн 21-декабрь күнү өткөрүшмөкчү. Бул тууралуу областтык Кан борборунан билдиришти.

Областтык Кан борборунун башкы дарыгери Нурдин Эрматовдун айтымында, Жалал-Абад шаарында жыл сайын донорлордун катарын толуктоого чакырык салган ар кайсы акциялар өткөрүлүп келет.

-Биз жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга себепкер болгусу келген активдүү жарандарыбызды донорлордун катарын толуктоого акырып, донордук кыймылды өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз. Ошол максатта Медициналык колледждин студенттеринин жана башка да жаштар уюмдарынын, жарандык коомдун башка мүчөлөрүнүн катышуусунда “Кан тапшыр, өмүр тартуула” аттуу жөө жүрүш уюштуруп жатабыз. Бул демилгени шаар мэриясы да колго алып, жол кыймылынан коопсуздугун камсыз кылса, шаардык Жаштар комитети жаштар арасында иш жүргүзүп жатат, – дейт ал.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы 2016-жылдын 8-фералында кан запастарын түзүү боюнча буйрук чыгарып, донордук кыймылды өнүктүрүү чараларын белгилеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: