Menu

Дүйнө коомчулугу Орусиянын Түркиядагы элчисинин өлтүрүлүшүн айыптады

Бөлүшүү:

БУУ, ЕККУ, АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка бир катар өлкөлөр Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлтүрүлүшүн айыпташты. Ал Анкарадагы куралдуу кол салуудан алган жараатынан улам каза болгон.

Элчиге Анкарада өтүп жаткан «Орусия түрктөрдүн көзү менен» аттуу сүрөт көргөзмөсү маалында кол салуу болгон.

Haber Turk порталынын маалыматы боюнча элчини Анкара полициясынын мурдагы кызматкери өлтүргөн. Ал быйыл жайында болгон Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетин иликтөөнүн жүрүшүндө жумуштан алынган. Кол салуу маалында ал Сирия жана Алеппо үчүн өч алып жатканын айтып кыйкырган. Окуядан көп өтпөй полиция тарабынан өлтүрүлгөн.

NTV түрк телеканалы кол салуудан дагы 3 киши жаракат алганын билдирди.

62 жаштагы Андрей Карлов 2013-жылдан бери Орусиянын Анкарадагы элчиси болуп иштеп келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: