Menu

ЖМК жөнүндөгү мыйзамдан бир нече чектөө сунуштары алынды

Бөлүшүү:

«Азаттык» радиосуна каршы багытталган деп эсептелип жаткан ЖМКлар тууралуу мыйзамга сунушталган айрым чектөө чаралары алынып салынды. Бул тууралуу өзгөртүүлөрдүн демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев аталган долбоор боюнча парламенттик угуулар маалында билдирди.

Рыспаев өзгөртүүлөр телеканалдардын ишине гана тиешелүү болорун белгиледи. Анын айтымында, көрсөтүлгөн мыйзамдын 5-беренесине чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын Кыргызстанда иштеп жаткан ЖМКлардын 35% ашык акциясына ээ болуусуна тыюу сала турган ченем киргизилүүдө.

Депутат бардык өлкөлөрдөй эле Кыргызстан да өз медиа чөйрөсүн коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшү керектигин жана өзгөртүүлөр улуттук коопсуздукту коргоого гана багытталганын белгиледи.

Угууга катышып жаткан жарандык коом өкүлдөрү сунушталган өзгөртүүлөр өлкөдөгү сөз эркиндигин чектеши мүмкүн деп долбоордун кабыл алынышына каршы экендиктерин билдиришти.

Ушул жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңеш ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: