“Биз чынын айтышыбыз керек, Кыргызстан көбүнчө регионалисттик-трайбалисттик адамдардан жана саясатчылардан турат. Бүгүнкү күндө президент Атамбаевдин түндүктөн болгону, бийликтин борбору, борбор шаар түндүктөн болгону кандайдыр бир деңгээлде саясатчыларды жана коомду же болбосо саясатка кызыккан адамдарды бийликке болгон талаптарынан баш тартууга аргасыз кылууда, маселени татаалдантууда”, – деп билдирди саясатчы Равшан Жээнбеков Сентябрь каналына.
“Бийликке болгон адамдардын талаптары азайгандай сезилип жатат. Бирок, менин байкашымча жакынкы айларда бул сезимдер өзгөрөт. Саясый активдешүү процесси башталды. Мурда мисалы, Бакиев турганда күчтүү оппозиция пайда болгону бул түндүк-түштүк маселесинен келип чыккан эле. Түндүк саясатчылары Бакиевге каршы оппозицияга биригишкен. Биз муну жашырбастан айтышыбыз керек, коркпостон айтышыбыз керек муну. Бүгүнкү күндө ошол эле маселе түштүк саясатчыларында жеткиликтүү деңгээлде өсүп келатат. Экинчиси түндүктө да президентке, бийликке нараазы болгон көрүнүктүү саясатчылар, саясый ишмерлер бүгүн аябагандай көбөйүп калды. Ошондуктан жакынкы айларда регионалдык кызыкчылыктардан бийик турган бирдиктүү оппозициянын башы биригип калышы мүмкүн”, – дейт Равшан Жээнбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ